Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябрындагы № IV
Көмүр кендерден элге келген социалдык пакеттердин берилиши жана көмүр кендердин айылдагы ички жолдорго суу септирүүсү жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнө берилген социалдык пакетиндеги көмүрлөрдү айылдардын калкынын санына жараша аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилсин.
2. Айыл өкмөт тарабынан көмүр кендердин жетекчилиги менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, элде нааразычылык болбоо үчүн, айылдардын ички жолдоруна шагыл төшөө, айылды чаң каптабасы үчүн суу септирүү жагы жолго коюлсун.
3. Бул токтомду ишке ашыруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |