Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябрындагы № VI
Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов, Календер көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов, Календер көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы А.Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өз салым катары Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин эсебинен 557743 (беш жүз элүү жети миң жети жүз кырк үч) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Календер көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өз салым катары Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин эсебинен 366887 (үч жүз алтымыш алты миң сегиз жүз сексен жети ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана инвестиция боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |