Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-ноябрындагы № III
Папан айыл өкмөтүнүн Андагул айылындагы № 548-551 контурдагы Тогуз-Булак айылындагы №272- контурдагы жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши айыл өкмөттүн 15-ноябрь 2022-жылдагы чыгыш №0216/613катынын негизинде күн тартибиндеги маселени карап чыгып токтом кылат:
1. Андагул айылындагы №548-551 контурдагы 0,95га жер аянтына кичи ГЭС куруу максатында Папан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Тогуз –Булак айылындагы№272 контурундагы 0,30га жер аянты айылга мектеп салуу максатында муниципалдык менчикке алынсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |