Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-февралы № 3/9

 

2022-жылдын 23-декабрындагы №12-39 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 69-беренесинин негизинде, 2022-жылдын 12-декабрындагы №12/39 Первомайский айылдык кенештин токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы кезектеги сессияда, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевдин “Аз камсыз болгон үй бүлөө катары АЧЖМФ жерлеринен пайдаланып жүргөн жаран Маймылов Эдилбек Алыкуловичтин каза болгондугуна байланыштуу, бул жер тилкени аз камсыз болгон үй бүлөө Сайтажиева Айгуль Махсутовнага берүү жѳнүндѳ” маалыматын угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен Маймылов Эдилбек Алыкуловичке пайдаланууга берилген 2га жер тилкеси Сайтажиева Айгуль Махсутовнага  ижарага берилсин.

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев бул жарандар менен ижара акысы мыйзамдын негизинде карап, 5-жылдык мѳѳнѳткѳ жер участкасын ижаралоо келишимин түзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кенешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Насиров Эльманга жүктѳлѳт.

  

Төрайым

 

З.М. Кочкорова