КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январындагы № 12
“Дене тарбия-ден соолук комплекси жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ№1 “Инсандык руханий адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданын кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү үчүн Кызыл-Туу айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылында жайгашкан М. Кыргызбаев атындагы ат-майданы кыргыз улуттук оюндарын өткөрүү максатында дене тарбия-ден - соолук комплекси болуусуна макулдук берилсин.
2. М. Кыргызбаев атындагы дене тарбия -ден соолук комплекси муниципалдык баланска алынсын.
3. Айыл өкмөт башчысы А.М. Сагынбеков дене тарбия -ден солук комплексти документтештирүү жагы мыйзам чегинде ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |