Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-январындагы № 13

 

“Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылын түштүк тарабынан Кара- Сакал айылын кеңейтүү үчүн №233 контурдан - 2,0 га, № 234 контурдан -2,0га № 208 контурдан - 1,0 га жайыт жерлеринен жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Кара-Сакал айылынын тургундарынын кайрылуусун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылын түштүк тарабынан Кара- Сакал айылын кеңейтүү үчүн №233 контурдан - 2,0 га, № 234 контурдан -2,0га № 208 контурдан - 1,0 га жайыт жерлеринен жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы жайыт жерлеринин категориясын айыл аймагын кеңейтүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч менен кайрылсын.

3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков аталган жер тилкелердин трансформациялоо боюнча тиешелүү токтом чыгарууга милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык  Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев