Редакцияот 15.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезекcиз ХII сессиясынын

 

  2025-жылынын  15-августу  №2

 

«Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын

балансына өткөрүп берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 12.08.2025-жылдагы №01-18/4984 сандуу катты шаардык кеңештин 14.08.2025-жылдагы кеңейтилген жыйынында карап чыгып, жыйындын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XII cессиясы

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнүн №150а дарегинде жайгашкан Россия Федерациясы тарабынан куруулучу мектептин электр мамычаларын жана аба чубалгыларын Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаментинин башчысына (Мамаджан у А.) милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

Турдубеков О.Т.