Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-августу № 517
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынын "Өстүрмө жайыттар (маданий)" түрүнөн "Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер" түрүнө жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан жер участокторуна көп жылдык мөмө жемиш багын өстүрүү жана агроөнөржай комплексинин имараттарын жана курулмаларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 01-9-2407 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 136 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 105,2 га жер участоктору которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
1) мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 100,2 га жер участогу: № 201 контурдагы 45,7 га, № 207 контурдагы 54,5 га "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынын "Өстүрмө жайыттар (маданий)" түрүнөн "Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер" түрүнө көп жылдык мөмө жемиш багын өстүрүү үчүн;
2) № 207 контурдагы "Өстүрмө жайыттар (маданий)" түрүндөгү аянты 5,0 га жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына агроөнөржай комплексинин имараттарын жана курулмаларын куруу үчүн.
2. Бул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участогу которулгандан (трансформациялангандан) кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жери болуп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер участокторунун шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгыр жана эриген кар сууларын коопсуз буруу системаларын, башкы планда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, аталган жер участокторунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн археолог адисти Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартууну;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аларды алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык жерди пайдалануучу тарабынан айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |