Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-августу № 530
Бишкек шаарынын сейил бак зоналарын
өнүктүрүү фондунун иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарындагы сейил бак зоналарын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-майындагы № 167 тескемесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын сейил бак зоналарын өнүктүрүү фондунун иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
– Бишкек шаарынын сейил бак зоналарын өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
– бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев