КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 16
«Мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Майсбек уулу Акылбекти шайлангандыгына байланыштуу жеке турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө маселени карап, сессиянын отурумунда талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 36-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында Кызыл-Туу айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 30-сентябрындагы мурда кабыл алынган № 46 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Жеке турак жай куруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан комиссиянын мүчөсү Майсбек уулу Акылбек чыгарылсын.
3. Турдалиева Айтбүбү Жалгасыновна жеке турак жай куруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Жеке турак-жай куруу боюнча туруктуу депутаттык комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
- Бектурганов А.К.- комиссиянын төрагасы
- Осмоналиева Н.С. – комиссиянын мүчөсү
- Егембердиев Т.Т.- комиссиянын мүчөсү
- Маматкулов К.А.- комиссиянын мүчөсү
- Турдалиева А.Ж. – комиссиянын мүчөсү
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |