Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 17
«Мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Жергиликтүү кеңештин депутаттары Г.Качкынова жана Джолдубек у. Т. депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу этика, жаштар менен иштөө жана спорт боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын курамын толуктоо жөнүндө сессиянын отурумунда карап жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, 36-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында Кызыл-Туу айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ: .
1. 2022-жылдын 12-январындагы мурда кабыл алынган № 5 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Комиссиянын мүчөсү Джолдубек уулу Тахир этика, жаштар менен иштөө жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Комиссиянын мүчөсү Качкынова Гулзат этика, жаштар менен иштөө жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
4. Этика, жаштар жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына депутат Кайрат Юспекович Иманалиев киргизилсин.
5. Этика, жаштар жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына депутат Суйоркулов Тилек Дуйшенбекович киргизилсин.
6. Этика, жаштар жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Сарбашова Н.А. – комиссиянын төрайымы
- Иманалиев К.Ю. – комиссиянын мүчөсү
- Суйоркулов Т.Д. – комиссиянын мүчөсү
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |