Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 18
«Мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Жергиликтүү кеңештин депутаты Н. Абденов депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамын толуктоо маселесин сессиянын жыйынында карап жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, 36-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында Кызыл-Туу айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 30-сентябрындагы №44 мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан депутат Нурлан Абденов чыгарылсын.
3. Бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына депутат Марат Джоробекович Маматов киргизилсин.
4. Бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Бейшенова Б.Ж. – комиссиянын төрайымы
- Шалтаев С.И. – комиссиянын мүчөсү
- Мусаев И.Т. – комиссиянын мүчөсү
- Дюшебаев У.С. - комиссиянын мүчөсү
- Маматов М.Д. – комиссиянын мүчөсү
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |