Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры №597
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 18, 20 жана 22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жободо:
– 5-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан макулдашылган башкы курулуш планы (жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууда) же жер участогунун чек аралары, долбоорлонуучу объекттердин жайгашуусу, келүүчү жолдор, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору (жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуудан тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которууда);
Техникалык-экономикалык негиздеме төмөнкү принциптерди эске алуу менен иштелип чыгат: көйгөйдү негиздөө жана долбоордун максаттарын түзүү, техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык аспекттерди эске алуу, жеткиликтүү ресурстарды жана каржылоо булактарын талдоо, альтернативдүү чечимдерди баалоо, долбоордун күтүлүүчү натыйжаларын жана натыйжалуулугун болжолдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун туруктуулугун эсепке алуу.”;
алтынчы абзац “башкаруунун аткаруу органы,” деген сөздөрдөн кийин “көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Тиешелүү филиал курамына төмөнкүлөр кирген жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:
1) арыз, арыз ээсинин – жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
2) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси бар шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан курулуштун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же жер участогунун эскиздик долбоору;
3) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 16-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасын эсептөөлөр;
4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча жерлердин түрлөрү жана жерлердин контурлары боюнча жерлердин экспликациясы;
5) чек араларын жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;
6) калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө – көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсү;
7) түшүндүрмө кат;
8) айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин категорияларына которууда (трансформациялоодо) жерлердин кыртыштык-мелиоративдик абалы жөнүндө корутунду;
9) “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын ачык жана кагаз булактарынан алынган картографиялык материалдарды, аянттардын инвентаризациялык ведомостун, жерлердин экспликациясын, которуунун (трансформациялоонун) негиздүүлүгүн тиркөө менен корутундусу;
10) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунда пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (маалыматтары);
11) жер участогу буга чейин айыл чарба максаттарында пайдаланылган жана калктуу конушка жакын жайгашкан учурларды кошпогондо, которууга (трансформациялоого) сунушталган жер участогунда курулуш же суу каптоо пландалган учурда, тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
12) сугат айдоо жерлерин жерлердин башка категориясына которууда (трансформациялоодо) өздүк, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен жерлердин башка категорияларынан жана жерлердин түрлөрүнөн сугат айдоо үчүн бирдей маанидеги аянтты өздөштүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалыматы;
13) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу.
Тиешелүү филиал жерге жайгаштыруу көктөмөсү түзүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу ишин жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын кароосуна киргизет.
Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлердин башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) демилгечиси жерге жайгаштыруу көктөмөсүндө зарыл болгон корутундулардын жана маалыматтардын болушун камсыз кылат.”;
– 8, 12, 14-пункттардагы “10 (он)” деген сөздөр “5 (беш)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлердин башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) демилгечиси жерге жайгаштыруу ишинде зарыл корутундулардын жана маалыматтардын болушун камсыз кылат.
Арыз ээлери жер участогуна материалдарды түзүү менен байланышкан чыгымдарды берилген эсептөөлөргө ылайык ыйгарым укуктуу органдарга төлөйт.
Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында көрсөтүлгөн жер участокторунун жерлердин белгилүү бир категориясына же жерлердин түрүнө таандыктыгы жөнүндө маалыматтар менен жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгондо жер участокторун жерлердин белгилүү бир категориясына же жерлердин түрүнө киргизүү жер участокторунун укук ээлеринин арыздары боюнча жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Мында айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, ошондой эле алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөө кыйла баалуу жердин түрлөрүнө көрсөтмөнү камтыган маалыматтардын негизинде – мындай маалыматтардын (мамлекеттик жер кадастрынын же укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтары) келип чыккан булагына карабастан ишке ашырылат.”;
– 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 21-пунктта:
“айлана-чөйрөнү коргоо жана” деген сөздөр алып салынсын;
“айыл жана суу чарба” деген сөздөрдөн кийин “(облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде жайгашкан жер участокторун кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 281-пункт менен толукталсын:
“281. Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча корутундунун долбоору комиссиянын мүчөлөрүнүн сурамжылоо баракчасына виза коюу жолу менен макулдашылышы мүмкүн, ал корутундунун долбооруна тиркелет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
“34. Трансформацияланган жер участогу пайдаланылбаган же аны максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, ошондой эле жерди пайдалануучу үч жылдын ичинде өздүк, зайымдык каражаттарынын жана инвестициянын эсебинен жерлердин башка түрлөрүн сугат айдоого кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда көрсөтүлгөн жер участогу кайталап которуу (трансформациялоо) жол-жоболорун жүргүзбөстөн баштапкы абалына келтирилүүгө тийиш.
Трансформацияланган жер участокторун максаттуу пайдалануунун шарттарын, жаңы жерлерди өздөштүрүүнүн мөөнөттөрүн сактоону жана аларды Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүүнү контролдоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жер участокторун коргоо жана пайдаланууну контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жер участогун баштапкы абалга келтирүү жөнүндө чечимдер жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясына ылайык кабыл алынат жана мамлекеттик жер кадастрына киргизилүүгө тийиш.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |