Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 19
«Мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Жергиликтүү кеңештин депутаты К.Дж. Сүйүналиев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу ФПС жерлерин бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамын толуктоо маселесин сессиянын жыйынында карап жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, 36-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында Кызыл-Туу айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 12-январындагы №44 мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. ФПС жерлерин бөлүштүрүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан депутат Курманбек Джумабекович Сүйүналиев чыгарылсын.
3. ФПС жерлерин бөлүштүрүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына депутат Джолдошбаев Бакыт Асылбекович киргизилсин.
4. ФПС жерлерин бөлүштүрүү боюнча туруктуу депутаттык комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
- Чыныбаев Р.К. – комиссиянын төрагасы
- Намасалиев Н.Н. – комиссиянын мүчөсү
- Джолдошбаев Б.А. – комиссиянн мүчөсү
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |