КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январындагы № 21
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдарга киреше болжолун бекитүү жөнүндө”
2024-жылга бюджеттик комиссия сунуш кылынган бюджетти карап чыгып Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 22795,1 миң сом, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 4030,0 миң сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 22795,1 миң сом, анын ичинде атайын эсеп боюнча 4030,0 миң сом № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2025-2026-жылдарга кирешелердин болжолунун долбоору атайын эсепти эске алуу менен № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 01.01.2024-жылга карата кирешенин чыгашадан ашкан (эркин калдык) бюджет боюнча 10660,9 миң сом, атайын эсеп боюнча 101,0 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.
5. 2024-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча жүргүзүлсүн (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, коммуналдык кызматтар жана көмүр)
6. 2023-жылы жергиликтүү бюджеттин аз каржыланган чыгашаларынын ордун айрым топтор боюнча 2024-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялоо. Бул компенсациялар биринчи кезекте (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар) тийиш.
7. Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча алынган кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджеттин карамагында калсын.
8. Жогоруда белгиленген кирешелер биринчи кезекте социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, айылдарды көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык керектөөлөрдү чечүүнү каржылоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
9. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу бюджеттик комиссиянын чечими менен айылдык кеңештин токтомуна ылайык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана акча каражаттарын которууга бөлүмдөр ичинде, кварталдан кварталга бюджет жана атайын эсеп боюнча айыл өкмөтүнүн башчысына ыйгарым укуктар берилсин
10. 2024-жылдын ичинде республикалык бюджеттен алынган каражаттар толугу менен жана так өз багыты боюнча пайдаланылсын.
11. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитилсин.
Айылдык кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |