Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 26-январындагы № 22

«Имаратты убактылуу пайдалануу жөнүндө»

Кызыл-Ту айыл аймагынын Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө жайгашкан М.Суранчиева атындагы эски мектептин имаратын убактылуу спортзал жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга берүү боюнча Токбай айылынын тургундарынын арыз-кайрылуусун карап, талкуулап, имараттын коопсуздугун жоктугуна байланыштуу жана сактап калуу максатында 2024-жылдын 26-январындагы сессиянын №2 протоколунун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токбай айылынын Исмаил көчөсүндөгү М.Суранчиева атындагы эски мектептин имаратын спортзал жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн, имаратты сактоо жана коргоо максатында убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков мектептин имаратын убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тийиштүү мыйзам чегинде чечим кабыл алууга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев