Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы

2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/1

Насос участкасындагы сугатка пайдалануучу басымдуулук трубаларын жана бетон латокторду өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамын жетекчилике алып, Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын 30.10.2023-ж. №191/д сандуу каты жана Барпы айыл өкмөтүнүн 03.11.2023-ж. №01-29/1869 сандуу сунушу менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Насос участкасындагы, насос менен сугарылуучу айыл-чарба жерлериндеги 1670метр басымдуулук трубасы жана 6034метр бетон латоктору ээлеген жалпы 43670,0 чарчы метр жер аянтын Мамлекеттик менчике алып, Суу ресурстар кызматынын карамгына өткөрүп берүү суралсын.

2. Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын кайрылуусуна ылайык, атайын адистерден комиссия түзүлүп, актысынын негизинде Мамлекеттик менчике алууга уруксат берилсин.

3. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу Шавданбеков Токтогулга милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

У.А.Абдыкулов