Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы

2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/2

2023-жылдык бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренеси жана Барпы айыл өкмөтүнүн 02.11.2023-ж. №01-20/1868 сандуу сунушу менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген бюджеттик чыгымдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Барпы айыл өкмөтүнө таштандыларды ташуучу атайын техника алууга каралган 3600,0миӊ сом акча каражаты үнөмдөлгөндүгүнө байланыштуу, билим берүү тармагындагы жана айыл өкмөттөгү муктаждыктарды эске алуу менен:

- Чөкө-Дөбө айылындагы мектеп, ФАП, мечиттин курулуш иштерин аяктоого 1800,0мин сом, ал эми №112 мектептин жасалгалоо иштерине 294,0миӊ сом;

-  МТЗ-83 тракторуна кош сатып алууга 524,0миӊ сом;

- ВПП ООН проектиси менен Ачы жана Жар-Кыштак айылдарына көпүрө салууга 306,4миӊ сом;

- Көчөлөргө видеонаблюдения орнотууга 205,0миӊ сом;

- “М. Сариков” мектебинин курулуш иштерин аяктоого 338,6миӊ сом;

- Союз МСУга мүчөлүк акы төлөөгө 29,0миӊ сом, “Т. Байзаков”, “Хамза” жана “Ынтымак” мектептеринин отказандарына оӊдоо, түзөө иштерин жүргүзүүгө 103,0миӊ сом бөлүнүп берилсин.

2. Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы М. Кыргызбаевага; Барпы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин чыгаша планына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

У.А.Абдыкулов