БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/9
Чөкө-Дөбө айылына жаӊыдан курулган мектепке компьютер сатып алуу жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чөкө-Дөбө айылында жаӊыдан курулган мектепи, Сузак райондук өнүктүрүү фонду менен биргеликте окуу техникалык каражаттарын сатып алууга жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган өкмөт башчынын билдирүүсү менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чөкө-Дөбө айылында жаӊыдан курулган №112 орто мектебин, окуу техникалык каражаттарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 65миӊ 545сом акча каражаты бөлүнүп берилип, Сузак райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу Шавданбеков Токтогулга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |