Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/12
Таштандыларды алып чыгууга, бир жылдык акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү №123 Мыйзамы боюнча, Жергиликтүү Кеӊештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздеринин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндөгү 74,75-беренелерине ылайык жазылган, Сузак райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын 2013-жыл 22-октябрындагы 0039/21/21-1-13 сандуу каты менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Барпы айыл аймагынан күнүмдүк тиричиликтен чыккан таштандыларды, атайын таштанды таштоочу жайга чыгарууга, соода-сатык дүкөндөрүнөн жана мекеме, ишканалардын жумушчуларына санына карата, жылына бир жолу акы катары ар бирине 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |