Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-сентябры № 70
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир
депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,
депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди
чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин
депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кант,
Аламүдүн, Ысык-Көл, Токтогул жана Ноокат аймактык шайлоо
комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
–.Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 3 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
–.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 7 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча;
–.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 9 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Жусуп Абрахманов айылдык кеңеши боюнча;
–.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча.
2).Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери:
–.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 7 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча;
–.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы № 14 Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши боюнча.
3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 7 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча;
–.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 10 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Жусуп Абрахманов айылдык кеңеши боюнча.
4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери.
–.Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 3 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
–.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
–.Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
–.Аламүдүн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
–. Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3.. Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4..Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 70 (3726) саны менен жарыяланды
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 70 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн
мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын
чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Чүй облусу | |||
Кант шаары | |||
1. | Кант АШК, № 3, 29.08.2025-ж. (26.08.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Уметалиев Канатбек Калыгулович (5) “Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы |
Аламүдүн району | |||
2. | Аламүдүн АШК, № 7, 04.09.2025-ж. (14.08.2025-ж., өз арызы) | Кара-Жыгач айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Асанова Минара Кубанычбековна |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
3. | Ысык-Көл АШК, № 9, 03.09.2025-ж. (13.08.2025-ж., өз арызы) | Жусуп Абдрахманов айылдык (№ 2 Ананьево-2 шайлоо округу) | Усубакунов Алтынбек Камчыбекович |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
4 | Токтогул АШК, № 4, 03.09.2025-ж. (27.08.2025-ж., өз арызы) | Токтогул шаардык | Асылбеков Урматбек Айтмурзаевич (5) “Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 70 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган
талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф. А. А. |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
1. | Аламүдүн АШК, № 7, 04.09.2025-ж. (19.08.2025-ж., өз арызы) | Кара-Жыгач айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Акматалиева Бактыгуль Дюшембиевна |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
2. | Ноокат АШК, № 14, 26.08.2025-ж. (26.08.2025-ж., өз арызы) | Көк-Бел айылдык (№ 2 Исанов шайлоо округу) | Топчубаева Бузулайка Маматжунусовна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 70 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы
жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Чүй облусу | ||||
Кант шаары | ||||
1. | Кант АШК, № 3, 29.08.2025-ж. (28.08.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Сармолдоев Аскат Шекербекович (8) “Бирге-Вместе” саясий партиясы | Ысык-Ата филиалында Кадастрдык жана картография боюнча башкы адис |
Аламүдүн району | ||||
2. | Аламудүн АШК, № 7, 04.09.2025-ж. (01.09.2025-ж., өз арызы) | Кара-Жыгач айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Бейшекеева Жылдыз Райовна | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
3. | Ысык-Көл АШК, № 10, 03.09.2025-ж. (15.08.2025-ж., өз арызы) | Жусуп Абдрахманов айылдык (№ 2 Ананьево-2 шайлоо округу) | Темирбеков Марат Бактыгулович | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
4. | Токтогул АШК, № 4, 03.09.2025-ж. (02.09.2025-ж., өз арызы) | Токтогул шаардык | Кенжекулов Болгонбек Айтбекович (7) “Бирге-Вместе” саясий партиясы | Токтогул райондук электр тармагында айдоочу |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |