Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 24-сентябрындагы
№ 613 токтомуна) тиркеме
2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар
планы
№ | 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу отчетто көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштары | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | 2023-жылга КР республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча ЭПтин жазма буйругун аткаруу максатында ФМ: · 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 01–20/109 жазма буйруктун жарым-жартылай аткарылган 1, 3, 4, 11, 13, 15, 32, 47, 48-пункттарын жана аткарыла элек 23-пунктун аткаруу, ошондой эле 52 502,6 миң сом өлчөмүндөгү орду толтурулбаган сумманы калыбына келтирүү; · 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 01–20/108 сунуштаманын аткарыла элек 33-пунктун аткаруу | Мурунку жылдардагы аудиттердин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктарды жана сунуштамаларды аткарууну камсыз кылуу
| 2025-жылдын IV кварталы
| ФМ |
2 | КР МК: – КР фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана тиешелүү жылга КР республикалык бюджети жөнүндө КР Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун ФМ өз учурунда берүү жана КР БК менен каралган мөөнөттөрдү бузуу менен бекитүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүү;
– “КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоого терс таасирин тийгизүүгө жол берген жана КР фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун даярдоону кечиктирүүгө, ошондой эле 2023–2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун ЭКМге берүүнү кечиктирүүгө күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо |
КР фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана тиешелүү жылга КР республикалык бюджети жөнүндө КР Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун ФМ өз учурунда берүү жана КР БК менен каралган мөөнөттөрдү бузуу менен бекитүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүү; “КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоого терс таасирин тийгизүүгө күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо |
2026-жылдын I кварталы
2026-жылдын ичинде |
КР МК
КР МК |
3 | ФМ: – салыктык кирешелерди болжолдоодо негизсиз төмөндөтүүлөргө жол бербөө;
– методологиянын бардык талаптарын сактоо, анын ичинде салыктык реформалардын таасирин сандык түрдө талдоо, салыктык потенциалды эсептөө жана болжолдоодо сценарийдик ыкманы колдонууну камсыз кылуу; · мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин талаптарын толук аткаруу максатында МСК жана МБК менен биргеликте маалыматтарды интеграциялоо маселесин кароо |
Бюджеттик ресурстардын администраторлору боюнча мамлекеттик бюджеттин (республикалык жана жергиликтүү бюджет) болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына ай сайын мониторинг жүргүзүү; мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасынын бардык талаптарын сактоону камсыздоо;
мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинин талаптарын толук аткаруу максатында МСК жана МБК менен биргеликте маалыматтарды интеграциялоо маселесин кароо |
Туруктуу негизде
Туруктуу негизде
2026-жылдын ичинде
|
ФМ
ФМ
ФМ МСК МБК
|
4 | ФМ: · кыска мөөнөттүү келечекте салыктык эмес кирешелер базасын эсепке алуунун жана талдоонун институционалдык механизмдерин ишке киргизүү боюнча иштерди уюштуруу · салыктык эмес кирешелерди пландоого жана аткарууга жооптуу адистердин кесиптик деңгээлин системалуу түрдө жогорулатууну камсыз кылуу;
· бюджеттик параметрлерге өзгөртүүлөрдү негиздөөгө талаптарды күчөтүүнү камсыз кылуу
|
Кыска мөөнөттүү келечекте салыктык эмес кирешелер базасын эсепке алуунун жана талдоонун механизмдерин ишке киргизүү боюнча иштерди уюштуруу; салыктык эмес кирешелерди пландоого жана аткарууга жооптуу адистердин кесиптик деңгээлин системалуу түрдө жогорулатууну камсыздоо; мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин параметрлерине өзгөртүүлөрдү негиздөөгө талапмамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин параметрлерине өзгөртүүлөрдү негиздөөгө талаптарды күчөтүү боюнча иштерди уюштуруу |
2026-жылдын III кварталы
Туруктуу негизде
Туруктуу негизде
|
ФМ
ФМ
ФМ
|
5
| ФМ: · мамлекеттик үлүшү бар ар бир акционердик коомдон күтүлүүчү дивиденддердин суммаларын милдеттүү түрдө пландоону жана аларды бюджеттик дайындоолордо чагылдырууну камсыз кылуу зарыл; – “Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин аткарылышын, анын ичинде пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечимдердин кабыл алынышын жана таза пайданын белгиленген бөлүгүнүн республикалык бюджетке өз убагында которулушун контролдоону күчөтүү
КР МК: ФМ жана Маммүлк менен биргеликте мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү 50 %дан ашкан акционердик коомдордун дивиденддерин болжолдоо, эсепке алуу жана төлөө методологиясын иштеп чыгуу маселесин кароо |
Салыктык эмес кирешелерди пландоого жана аткарууга жооптуу адистердин кесиптик деңгээлин системалуу түрдө жогорулатууну камсыздоо; мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелер боюнча мамлекеттик органдардын карамагында турган ачык жана жабык акционердик коомдор, ошондой эле жоопкерчилиги чектелген коомдор боюнча ведомстволордун тизмегин тактоо жөнүндө кат жөнөтүү
ФМ жана Маммүлк менен биргеликте мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү 50 %дан ашкан акционердик коомдордун дивиденддерин болжолдоо, эсепке алуу жана төлөө методологиясын иштеп чыгуу маселесин кароо |
Туруктуу негизде
2025-жылдын III кварталы
2026-жылдын ичинде |
ФМ
ФМ
КР МК ФМ Маммүлк |
6 | Курулуш министрлигинин, ЭСКММ, ММЖСМ, КР МК караштуу ЖАМА штаттык бирдиктерин КР МК 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана КР башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык келтирүү | ЭСКММ, ММЖСМ, КР МК караштуу ЖАМА штаттык бирдиктерине карата КР МК 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана КР башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна ылайык кат жөнөтүү | 2025-жылдын IV кварталы | Курулуш министрлиги ФМ ЭСКММ ММЖСМ ЖАМА |
7 | КРӨ 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтому менен бекитилген Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобого ылайык 175 социалдык кызматкерди ашыкча кармоонун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда үйүнө барып кызмат көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрдүн социалдык кызматкерлеринин штаттык бирдиктеринин ченемдерин кайра карап чыгуу жөнүндө маселени кароо | КР ЭСКММ социалдык кызматкерлеринин 175 штаттык бирдигин кармоонун максатка ылайыктуулугун баалоо үчүн дыккат талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы | ЭСКММ, ФМ
|
8 | КРӨ 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2025-жылга 3-тиркемеде берилген министрликтерди жана башка мамлекеттик органдарды каржылоодо 2024-жылдын аягына карата 48 648,4 миң сом өлчөмүндөгү товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана 20 442,0 миң сом өлчөмүндөгү дебитордук карызды эсепке алуу | ЭП отчетунун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтерди жана башка мамлекеттик органдарды каржылоодо 2024-жылдын аягына карата 48 648,4 миң сом өлчөмүндөгү ТМБ ашыкча запастарын жана 20 442,0 миң сом өлчөмүндөгү дебитордук карызды эсепке алуу | 2026-жылдын ичинде | 3-тиркемеге ылайык, мамлекеттик аппарат чөйрөсүндө
ФМ |
9 | Пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү боюнча “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын жана коммерциялык банктардын чыгымдарын төлөө ФМ 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген КР Бюджеттик классификациясына ылайык “Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча чыгымдар” 2227-беренеси боюнча жүргүзүлүүгө тийиш | ФМ 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
| 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
10 | Агартуумин: – 2024-жылдын 31-октябрындагы № 25/01–1 27 031 даана ноутбук сатып алуу жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн “И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркы” мекемесинин жеткирүүчүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүү; · келишимдин шарттарына ылайык товарды өз убагында жеткирбегендиги үчүн 20 185,9 миң сом өлчөмүндө эсептелинген айып төлөм өндүрүү максатында жеткирүүчү менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсепке алынууга тийиш
|
“И. Раззаков атындагы КМТУ технопаркы” мекемесинин жеткирүүчүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүү;
20 185,9 миң сом өлчөмүндө эсептелген айыпты өндүрүү
|
2026-жылдын I кварталы
2026-жылдын ичинде |
Агартуумин
Агартуумин |
11 | ФМ: мындан ары товарларды борборлоштурулган сатып алууларды каржылоону “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын жана КР МК 2024-жылдын 16-январындагы № 8-т тескемесинин талаптарын сактоо менен жүргүзүү, ошондой эле бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдоону күчөтүү |
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын сактоо менен товарларды борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү |
Туруктуу негизде |
ФМ
|
12 | ССМ, ММЖСМ, ИЖБИМ жана ФМ: контракттык негизде окуган студенттерди окутууга багытталган чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылоого жол бербөө максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларын каржылоо нормативдерин иштеп чыгуу | ССМ, ММЖСМ, ИЖБИМ жана ФМ менен биргеликте жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда бюджеттик негизде окуган студенттерди каржылоо нормативдери жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылуу | 2026-жылдын ичинде | ССМ ММЖСМ ИЖБИМ ФМ
|
13 | Отчеттун 3-тиркемесинде социалдык чөйрө тармагында министрликтердин, ведомстволордун жана алардын ведомстволук мекемелеринин бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышына талдоо жүргүзүлүп, ага ылайык 91 992,4 миң сом суммасына товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана 103 484,0 миң сом суммасына дебитордук карыз эсепке алынууга тийиш | ЭП отчетунун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн 91 992,4 миң сом суммасындагы ТМБ нормативден ашыкча запастарын жана 103 484,0 миң сом суммасындагы дебитордук карызды эсепке алуу | 2026-жылдын ичинде | ССМ ММЖСМ ИЖБИМ ФМ |
14 | КР МК: ССМ медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга байланышкан каражаттардын калдыктарын (дебитордук карызды) эсепке алуу боюнча, КРӨ 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна жана КР МК 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 “КР ССМ караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү |
“ССМ караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна шайкеш келтирүү |
2026-жылдын ичинде
|
КР МК ССМ |
15 | ММЖСМ: · жабдууларды жана автотранспортту сатып алууда ашыкча төлөнгөн 82,6 млн сомду республикалык бюджетке тез арада кайтарып берүү; · финансылык бузууларга, “Кыргыз маданият сервис” МИ менен түзүлгөн келишимдеги айырмачылыктарга жол берген жана контроль жүргүзбөгөн тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо;
– “Кыргыз маданият сервис” МИ аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн негиздүүлүгүнүн КР мыйзамдарына ылайыктыгын кароо |
Жабдууларды жана автотранспортту сатып алууда ашыкча төлөнгөн 82,6 млн сомду республикалык бюджетке кайтаруу; финансылык бузууларга, “Кыргыз маданият сервис” МИ менен түзүлгөн келишимдеги айырмачылыктарга жол берген жана контроль жүргүзбөгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо; КР мыйзамдарына ылайык “Кыргыз маданият сервис” МИ аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө маселени кароо
|
2026- жылдын I кварталы 2026- жылдын I кварталы
2026- жылдын I кварталы
|
ММЖСМ
ММЖСМ
ММЖСМ |
16 | КР БК 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык чыгымдарга керектөөлөрдү аныктоону, милдеттенмелерге негизделген эсептөөлөрдүн негизинде чыгымдар бюджетин түзүүнү жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу | КР БК 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык чыгымдарга керектөөлөрдү аныктоо жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ |
17 | Отчеттун 3-тиркемесинде экономика чөйрөсүндө министрликтердин, ведомстволордун жана алардын ведомстволук мекемелеринин бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышына талдоо жүргүзүлүп, ага ылайык КРӨ 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык 143 938,2 миң сом суммасына товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана 678 301,1 миң сом суммасына каражаттардын калдыктары эсепке алынууга тийиш | ЭП отчетунунун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн 143 938,2 миң сом өлчөмүндө ТМБ нормативден ашыкча запастарын жана 678 301,1 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарынын калдыктарын эсепке алуу | 2026-жылдын ичинде | 3-тиркемеге ылайык, Экономика чөйрөсү
ФМ |
18 | ЖРЭТКМ “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын өздүк капиталын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган техниканын, жабдуулардын жана материалдардын наркына көбөйтүүнү кароо |
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган техниканын, жабдуулардын жана материалдардын наркын көбөйтүүнү кароо |
2026-жылдын ичинде |
ЖРЭТКМ |
19 | “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин активдерин же өздүк капиталын кыргыз тараптын салымы катары “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” ЖЧКсынын уставдык капиталына киргизүү үчүн берилген каражаттардын эсебинен көбөйтүү жөнүндө маселени кароо | “Кыргыз Темир жолу УК” МИ өздүк капиталын көбөйтүүгө байланыштуу бухгалтердик эсепке өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-жылдын II кварталы | ТКМ ФМ |
20 | ФМ “Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесин так сактоо менен акционердик коомдордун кошумча акцияларын чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин гана акционердик коомдордун капиталындагы мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүдө төлөмдөрдү жүргүзүүгө контролду күчөтүү |
“Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесин так сактоо менен акционердик коомдордун кошумча акцияларын чыгарууга тиешелүү контролду күчөтүү |
Туруктуу негизде |
ФМ |
21 | ФМ: · жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин бекитүүдө алардын салыктык эмес кирешелеринин түзүлгөн келишимдердин негизинде бекитилишин талап кылуу жана контролдоо; · КР МКнын 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 “Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибинин 10-пунктуна ылайык теңдөөчү трансферттердин көлөмүн аныктоодо жергиликтүү бюджеттердин акча каражаттарынын калдыктарын эске алуу менен теңдөөчү гранттарды эсептөө формуласынын эсептөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү; · кирешелерди пландоо жана болжолдоо процессин автоматташтыруу маселесин кароо; · тиешелүү райондук мамлекеттик администрациялар менен биргеликте, кошумча талдоонун негизинде Токтогул шаары, Кең-Талаа, Кызыл-Туу, Багыш, Ала-Бука, Каныш-Кыя, Гүлчө, Ала-Тоо, Жоош, Папан, Кулатов, Көк-Жар жана Күн-Чыгыш айыл аймактары үчүн теңдөөчү грант катары республикалык бюджеттен каржылоону кыскартуу жөнүндө маселени кароо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин бекитүүдө алардын салыктык эмес кирешелеринин түзүлгөн келишимдердин негизинде бекитилишине контроль жүргүзүү; Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибинин 10-пунктуна ылайык теңдөөчү гранттарды эсептөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
кирешелерди пландоо жана болжолдоо процессин автоматташтыруу; райондук мамлекеттик администрацияларга жана көрсөтүлгөн айыл өкмөттөрүнүн райондук мамлекеттик администрацияларга жана көрсөтүлгөн айыл өкмөттөрүнө теңдөөчү грант катары республикалык бюджеттен каржылоо маселеси тууралуу каттарды жөнөтүү | Туруктуу негизде
2025-жылдын IV кварталы
2025-жылдын IV кварталы 2025-жылдын IV кварталы | ФМ
ФМ
ФМ
ФМ |
22 | ФМ: · шаарларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн трансферттердин өз убагында жана толук пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн финансылык пландаштыруу жана мониторинг системаларын бекемдөө боюнча чараларды көрүү; |
Шаарларды өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн трансферттердин өз убагында жана толук пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн финансылык пландаштыруу жана мониторинг системаларын бекемдөө; |
Туруктуу негизде |
ФМ |
| · мындан ары, каражаттардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү, каражаттардын өздөштүрүлбөгөн себептерин аныктоо жана аларды пайдалануу боюнча чараларды көрүү
| каражаттардын өздөштүрүлбөгөн себептерин аныктоо жана аларды пайдалануу боюнча чараларды көрүү | 2026-жылдын I кварталы | ФМ |
23 | Агартуумин балдар бакчалары кеч ачылган же ачыла элек болгондуктан бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлбөй калышына байланыштуу КР МКнын 2024-жылдын 28-октябрындагы № 680-т тескемесине ылайык керектөөлөргө жараша ФМга реалдуу өтүнмөлөрдү берүү; | КР МКнын 2024-жылдын 28-октябрындагы № 680-т тескемесине ылайык ФМга реалдуу өтүнмөлөрдү берерүүнү камсыздоо; | Туруктуу негизде | Агартуумин
|
| ФМ мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жаңы билим берүү уюмдарынын эмгек акыны жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүүгө байланышкан башка чараларды каржылоого Агартуумин тарабынан берилген өтүнмөлөрдүн негиздүүлүгүн аныктоо жана каржылоо | мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жаңы билим берүү уюмдарынын эмгек акы фондун жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүүгө байланышкан башка чараларды каржылоого Агартуумин тарабынан берилген өтүнмөлөрдүн негиздүүлүгүн аныктоо | 2026-жылдын I кварталы | ФМ
|
24 | ФМ “Бишкек шаар транспорт башкармалыгы” муниципалдык ишканасы тарабынан пайдаланылбай калган 10 242,3 миң сом өлчөмүндөгү каражаттардын республикалык бюджетке кайтарылышын камсыздоо | “Бишкек шаар транспорт башкармалыгы” муниципалдык ишканасы тарабынан пайдаланылбай калган 10 242,3 миң сом өлчөмүндөгү каражаттардын республикалык бюджетке кайтарылышын камсыздоо | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
25 | ФМ: · “Бишкек ЖЭБ” МИ тарабынан максаттуу трансферттин иш жүзүндө чыгымдалган бөлүгүн 2025-жылы ишкананын бухгалтердик эсебине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен, уюштуруучунун салымы катары ишкананын өздүк капиталынын курамында көрсөтүү; – “Tebian Elektric Apparatus Stock Co, LTD” компаниясы менен акыркы эсептешүүлөрдөн кийин, максаттуу трансферттин 223 421,4 миң сом өлчөмүндөгү пайдаланылбаган бөлүгүн “Бишкек ЖЭБ” МИ тарабынан республикалык бюджетке которуу |
“Бишкек ЖЭБ” МИ тарабынан максаттуу трансферттин иш жүзүндө чыгымдалган бөлүгүн 2025-жылы ишкананын бухгалтердик эсебине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен, уюштуруучунун салымы катары көрсөтүү; “Tebian Elektric Apparatus Stock Co, LTD” компаниясы менен акыркы эсептешүүлөрдөн кийин, максаттуу трансферттин 223 421,4 миң сом өлчөмүндөгү пайдаланылбаган бөлүгү “Бишкек ЖЭБ” МИ тарабынан республикалык бюджетке которуу |
2025-жылдын IV кварталы
2026-жылдын I кварталы |
ФМ
ФМ |
26
| ФМ жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясын керектөөсү үчүн чыгымдарын каржылоону 2023-жылдын 14-ноябрындагы ЭКМнын № 01–13/231 жана ФМнын № 138-Б биргелешкен буйругу менен бекитилген лимиттин негизинде гана жүзөгө ашыруу; · уюмдардын энергетикалык ресурстарды керектөөсүнүн лимиттерин так аныктоо жана бекитүү боюнча чараларды күчөтүү, ошону менен бирге ашыкча каржылоонун алдын алуу боюнча чараларды жүргүзүү; · райондук мамлекеттик администрацияларды каржылоого мониторинг жана лимиттердин сакталышына туруктуу контроль жүргүзүү |
2023-жылдын 14-ноябрындагы ЭКМнын № 01–13/231 жана ФМнын № 138-Б биргелешкен буйругунун талаптарын сактоо;
мекемелердин энергетикалык ресурстарды керектөөсүн каржылоодо лимиттерди так аныктоо;
райондук мамлекеттик администрацияларды республикалык бюджеттен каржылоодо лимиттердин сакталышына контроль жүргүзүү |
Туруктуу негизде
туруктуу негизде
туруктуу негизде |
ФМ
ФМ
ФМ |
27 | ФМ Каракол шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 2 263,8 миң сом суммасына үнөмдөлгөн максаттуу трансферттердин калдыгын республикалык бюджетке кайтарсын | 2 263,8 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттердин калдыгын республикалык бюджетке кайтарууну камсыз кылуу | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
28 | ФМ КР МК 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун Баткен облусун өнүктүрүү фонду боюнча 39, 42, 46, 93-пункттарынын аткарылышын жана сакталышын камсыз кылсын | Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун пункттарынын сакталышын камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ |
29 | ФМ жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдалуу кендерди сатуудан акча каражаттарынын түшүүсүнө тиешелүү контролду камсыз кылсын жана 71 субъекттен 22 852,7 миң сом жалпы суммасында пайдалуу кендерди сатуудан 2 % өлчөмүндөгү каражаттарды тиешелүү бюджеттерге которсун | 22 852,7 миң сом жалпы суммасында пайдалуу кендерди сатуудан 2 % өлчөмүндөгү каражаттарды республикалык бюджетке чегерүү жөнүндө МСКга кат жөнөтүү жана аткарылышын контролдоо | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
30 | ФМ дем берүүчү гранттардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ФМ аймактык бөлүнүштөрүнө долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардамды, окутууну жана координациялоону күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү, методикалык колдонмолорду жаңылоо, консультациялык колдоо көрсөтүү жана аймактык бөлүмдөр аркылуу координациялоону күчөтүү | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
31 | ФМ долбоорлорду тандоо жана бекитүү процессинде ички контролду күчөтүүнү, ар бир долбоор боюнча документтерди текшерүүнү жана талаптарга ылайык келбеген дем берүүчү гранттардын долбоорлорун алдын ала четке кагууну камсыз кылсын: – комиссиялар тарабынан долбоорлорду тандоодо, даярдоодо жана ишке ашырууда оңдоо-курулуш иштеринин мөөнөттөрүнүн шайкештигине көңүл бурсун; – долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин мыйзамдык тартипте белгилесин жана долбоорлор талаптарга ылайык келбеген учурда комиссия мүчөлөрү үчүн жоопкерчилик чараларын карасын; – AS “STIMGRANT” системасына техникалык валидаторду орнотууну караштырсын (мисалы, мөөнөттөр дал келбеген учурда автоматтык түрдө эскертүү же блокировка) | Ар бир долбоордун документтерине алдын ала экспертиза жүргүзүү, талаптарга жооп бербеген долбоорлорду автоматтык түрдө четке кагуу;
комиссиянын жыйналыштарында долбоорлордун календардык пландарын курулуш графиктери менен салыштыруу жана талдоо; комиссиянын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана талаптарга ылайык келбеген долбоорлор бекитилген учурларда жоопкерчилик чараларын колдонуу;
системада мөөнөттөр дал келбеген учурда автоматтык түрдө кабарлоо жана бөгөттөө функцияларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын I кварталы
2025-жылдын IV кварталы
2026-жылдын I кварталы
2025-жылдын II–III кварталдары | ФМ
ФМ
ФМ
ФМ |
32 | Жылдын аягында отчетторду киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында архивге өткөрүп берилген бүткөрүлгөн долбоорлор боюнча отчетторду киргизүү үчүн AS “STIMGRANT” системасынын функционалын жаңылоого мүмкүндүк берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу: – 2025-жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен каржыланууга тийиш болгон долбоорлордун тизмегин бекитүүдө дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу бүтпөгөн долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте карасын жана тизмекке киргизсин | Системаны жаңылоо жана архивге өткөрүп берилген долбоорлордун аткарылышы боюнча отчетторду киргизүү механизмин иштеп чыгуу;
бүтпөгөн долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте кароо жана аларды 2026-жылга жалпы суммасы 81 192,6 миң сомго каржылоо тизмесине киргизүү | 2026-жылдын I кварталы
2026-жылдын II кварталы | ФМ
ФМ |
33 | ФМ: – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун текшерүүдө жана бекитүүдө салык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүнө көңүл бурсун;
– текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча дем берүүчү гранттар катары подряддык уюмдарга негизсиз чегерилген жана ашык төлөнгөн 11 988,9 миң сом өлчөмүндөгү бирдиктүү салыктын суммаларын республикалык бюджетке кайтарып берүү жөнүндө маселени карасын |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун кароодо салык мыйзамдарына алдын ала талдоо жүргүзүү;
11 988,9 миң сом өлчөмүндөгү бирдиктүү салыктын суммасын республикалык бюджетке кайтаруу жөнүндө циркулярдык каттарды жөнөтүү |
2025-жылдын IV кварталы
2025-жылдын ичинде |
ФМ
ФМ |
34 | ФМ: – отчеттун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жооптуу органдары боюнча аткарылган иштердин жогорулатылган көлөмдөрүн 3 846,6 миң сом суммасында республикалык бюджетке ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн;
– гранттык каражаттарды алуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууларда каражаттарды негизсиз же максатсыз пайдаланган учурларда ордун толтуруу боюнча кошумча талаптарды жана жоопкерчиликти карасын |
3 846,6 миң сом суммасында аткарылган иштердин жогорулатылган көлөмдөрүн республикалык бюджетке ордун толтуруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына циркулярдык каттарды жөнөтүү;
гранттык каражаттарды алуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууларда каражаттарды негизсиз же максатсыз пайдаланган учурларда ордун толтуруу боюнча кошумча талаптарды жана жоопкерчиликти кароо |
2025-жылдын ичинде
2025-жылдын IV кварталы |
ФМ
ФМ |
35 | Маммүлк ФМ караштуу ФМФ тарабынан иштелип чыккан, КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык “Кыргызиндустрия” ААКтын бюджеттик кредиттери боюнча милдеттүү күрөө жөнүндө келишимди түзүүнү камсыз кылсын | ФМ караштуу ФМФ тарабынан бекитилген, КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык “Кыргызиндустрия” ААКтын бюджеттик кредиттери боюнча милдеттүү күрөө жөнүндө келишимди түзүү | 2026-жылдын I кварталы | Маммүлк
|
36 | ФМ: – бекитилген жаңы графикке ылайык “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” МИ 25,3 млн сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттарды Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн сактык эсебине кайтарсын; – ФМ караштуу ФКФ тарабынан КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарын аткарууну, тактап айтканда: үч жылдык финансылык отчетту алууну, төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо жана корутунду берүүнү (оң же терс) камсыз кылсын | “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” МИнин карызын өз убагында кайтарууну камсыз кылуу;
КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иш жүргүзүү | Туруктуу негизде
Туруктуу негизде | ФМ
ФМ |
37 | ФМ мамлекеттик ишканаларга бюджеттик кредиттерди берүүнүн критерийлерин өзгөртүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-жылдын 1-июлуна карата | ФМ
|
38 | ФМ республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарына жол бербөө максатында берилген кредиттердин мүмкүн болгон максималдуу суммасынын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү | Мөөнөтү өткөн карыздарды белгиленген тартипте мажбурлап өндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү; банкрот деп таанылган учурда атайын администраторлор менен биргеликте карызкордун мүлкүн жана дебитордук карызын эсепке алуу боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ
ФМ
|
39 | ФМ ФМ караштуу ФКФ тарабынан берилген кредиттин өздөштүрүлбөгөн бөлүгү үчүн комиссияны төлөөгө жана өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптарды төлөөгө байланышкан бюджеттин кошумча чыгымдарына жол бербөө үчүн жоопкерчиликти күчөтүү менен субкредиттик макулдашуулар боюнча зайымчылардын каражаттарды өз убагында өздөштүрүүсү бөлүгүндө талдоо жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу | Зайымчылардын субкредиттик макулдашуулар боюнча каражаттарды өз убагында өздөштүрүүсүнө талдоо жана мониторинг жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ |
40 | КР МК 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарын аткаруу бөлүгүндө келишимдерди түзүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу | Милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн бюджеттик зайымчылар менен күрөө келишимдерин өз убагында түзүү | Туруктуу негизде | ФМ
|
41 | Япония Өкмөтүнүн гранттык каражаттары боюнча грант алуучулардын мөөнөтү өткөн 383,8 млн сом суммасындагы карыздарын кайтаруу боюнча чараларды көрүү
| КР МК 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 тескеменин 7-пунктуна ылайык Япония Өкмөтүнүн гранттык каражаттары боюнча “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компания ААК аркылуу берилген кредиттер боюнча карыздарды өндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы
| ФМ
|
42 | “Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо” (COVID–19) долбоорунун каражаттарынын эсебинен ФМ максатсыз пайдаланган 268,8 миң сомду ФМ атайын эсебинин каражаттарынан республикалык бюджетке калыбына келтирүү
| “Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо” (COVID–19) долбоорунун каражаттарынын эсебинен ФМ максатсыз пайдаланган 268,8 миң сомду республикалык бюджетке калыбына келтирүү | 2026-жылдын I кварталы
| ФМ |
43 | ФМ республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүүдө мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун каражаттары боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар бөлүгүнүн тууралыгын камсыз кылууга тийиш: – республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бурмалоого жол берген ФМ эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо | Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүүдө мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун каражаттары боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын бөлүгүн аныктоо. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бурмалоого жол берген ФМ эл аралык кызматташтык башкар малыгынын начальнигинин кызмат ордун кароо | Туруктуу негизде
2026-жылдын I кварталы
| ФМ
ФМ |
44 | ФМ КР БК жана тиешелүү жылга “Республикалык бюджет жөнүндө” КР Мыйзамын аткаруу үчүн республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин биринчи кезекте өздөштүрүүнү камсыз кылуу | Республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин биринчи кезекте өздөштүрүүнү камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ |
45 | ФМ бекитилген бюджеттик каражаттарды толук эмес өздөштүргөндүгү үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү: · кредиттик карызды кыскартуу боюнча чараларды өз учурунда көрүү максатында кредиттик карыздын абалына дайыма мониторинг жүргүзүү жана талдоо зарыл | Бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр үчүн жоопкерчиликтин ченемдерин түшүндүрүү боюнча чогулуштарды өткөрүү менен бирге мониторинг жүргүзүү жана жоопкерчиликтин деңгээлин баалоо; кредиттик карыздарды кыскартуу максатында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана талдоо | 2026-жылдын ичинде
Туруктуу негизде | ФМ
ФМ |
46 | КР МК Курулуш министрлигинин (анын ичинде анын ведомстволук башкармалыктарынын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка мекемелеринин) казыналыктан сырткары турган алыш-бериш эсептерин жабуу жана каражаттардын калдыктарын БКЭге которуу жөнүндө маселени кароо | Казыналыктан сырткары турган алыш-бериш эсептерин жабуу жана каражаттардын калдыктарын БКЭге которуу | 2026-жылдын ичинде
| КР МК, Курулуш министрлиги |
47 | ФМ “Банк аралык процессинг борбору” ЖАК менен биргеликте 2024-жылдын 31-декабрына карата “Бюджеттик каражаттарды алуучунун” (БКА) карталарындагы каражаттардын калдыктары менен салыштыруу жүргүзүү, БКА карталарындагы бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктарын тиешелүү бюджеттердин эсептерине которууну камсыздоо | 2024-жылдын 31-декабрына карата “Бюджеттик каражаттарды алуучу” (БКА) карталарындагы каражаттардын калдыктары менен салыштыруу жүргүзүү, БКА карталарындагы бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктарын тиешелүү бюджеттердин эсептерине которуу | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
48 | Убактылуу бош бюджеттик каражаттарды жайгаштырууда, ачык-айкындуулукту, негиздүүлүктү жана натыйжалуулукту камсыз кылуу максатында баштапкы пайыздык ставканы аныктоо КР УБ депозиттик операциялар боюнча ставкаларын эске алуу менен камсыздалууга тийиш | Башкы пайыздык ставканы аныктоодо КР МК 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык КР УБ депозиттик операциялар боюнча ставкаларын эске алуу мүмкүнчүлүгүн кароо | Туруктуу негизде | ФМ |
49 | ФМ КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын ишин жакшыртуу максатында КР МК 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо; – конкурстук комиссиянын протоколунда ар бир чечимдин негиздемесин жана конкурстук сунуштарды четке кагуунун себептерин так жана жазуу жүзүндө баяндоо | КР МК 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо; конкурстук комиссиянын протоколунда ар бир чечим жана конкурстук сунуштарды четке кагуу үчүн негиздер так жана жазуу жүзүндө көрсөтүлүүгө тийиш | 2026-жылдын ичинде
Туруктуу негизде | ФМ
ФМ |
50 | КР МК тобокелдиктерди жана финансылык натыйжалар жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда, своп-операцияларынын абалы жана жыйынтыктары жөнүндө үзгүлтүксүз отчет берүүгө ФМди милдеттендирүү |
Своп-операцияларынын абалы жана жыйынтыктары жөнүндө үзгүлтүксүз отчет берүү |
Туруктуу негизде |
КР МК, ФМ |
51 | ФМ: · кредиттерди берүүдөн мультипликативдүү натыйжаны кошуп алганда, бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана пайдаларды эске алуучу своп-операцияларынын экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо методикасын иштеп чыгуу; · узак мөөнөттүү своп-операциялары менен байланышкан валюталык тобокелдиктерди хеджирллөө үчүн кошумча инструменттерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо; · своп-операцияларынын стратегиясын оңдоо боюнча чечимдерди өз учурунда кабыл алуу үчүн, башка негизги валюталардын жана АКШ долларынын алмашуу курсунун динамикасына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана талдоо системасын орнотуу; · валюталык курстун жылдык орточо өзгөрүүсүнө жараша оңдоло турган өзгөрмө пайыздык ставканы киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо |
Своп-операцияларынын экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо методикасын иштеп чыгуу
узак мөөнөттүү своп-операциялары менен байланышкан валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө мүмкүнчүлүгүн кароо
негизги валюталык курстардын динамикасына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо
валюталык курстарды эске алуу менен оңдоло турган өзгөрмө пайыздык ставканы киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо |
2025-жылдын ичинде
2026-жылдын ичинде
2025-жылдын ичинде
2026-жылдын ичинде |
ФМ
ФМ
ФМ
ФМ |
52 | ФМ бекитилген бюджеттен кошумча чыгымдарды жүргүзүүдө республикалык бюджеттин бекитилген параметрлерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен КР БК 115-беренесинин талаптарын так сактоо | Бекитилген бюджеттен кошумча чыгымдарды жүргүзүүдө КР БК 115-беренесинин талаптарын сактоо | Туруктуу негизде | ФМ |
53 | ФМ КР БК 116-беренесинин талаптарына ылайык 2024-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредиттик карыздарынын абалы жөнүндө маалыматты камтуу менен КР МК кайра жөнөтүү | Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредиттик карыздарынын абалы боюнча маалымат даярдоо | 2025-жылдын IV кварталы | ФМ |
54 | ФМ: – ФМдин 2021-жылдын 4-майындагы № 61-Б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө” жобонун талаптарын так аткарууну камсыз кылуу;
· бюджеттик мекемелердин кассалык чыгымдарын ырастоого өтүнмөлөрүн четке кагуунун ар бир учуру боюнча жүйөлүү себептерди көрсөтүүнү жана милдеттүү түрдө каттоону камсыз кылуу |
ФМдин 2021-жылдын 4-майындагы № 61-Б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө” жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылуу; Кассалык чыгымдарды ырастоо боюнча бюджеттик мекемелердин өтүнмөлөрүн четке кагууда жүйөлүү себептерди көрсөтүүнү камсыз кылуу |
Туруктуу негизде
Туруктуу негизде |
ФМ
ФМ |
55 | “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун талаптарын так жана өз убагында аткаруу максатында мамлекеттик органдардын тийиштүү кызматкерлери үчүн кесиптик деңгээлди жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу | “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” КР Мыйзамын аткаруу максатында мамлекеттик органдардын тийиштүү кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча окутууну уюштуруу | 2026-жылдын I кварталы | ФМ |
56 | БКнын коммерциялык банктардагы эсептериндеги каражаттардын калдыктарына эсептелген 31 531,5 миң сом өлчөмүндөгү пайыздык кирешелерди республикалык бюджеттин кирешесине которуу боюнча чараларды көрүү | 31 531,5 миң сом өлчөмүндөгү пайыздык кирешелерди республикалык бюджеттин кирешесине которуу боюнча чараларды көрүү | 2026-жылдын ичинде | ФМ |
57 | Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине объекттерди тандоодо жана киргизүүдө КР БКнын 28-беренесинин жана КРӨнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 “Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө” жобонун 7-пунктунун талаптарын сактоо ишин жана контролдоону камсыз кылуу | Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобого ылайык иш жүргүзүү | Туруктуу негизде | ФМ |
58 | КР БКнын 6-беренесине ылайык капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегин тийиштүү маалымат менен ФМдин расмий веб-сайтына жайгаштыруу | Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоо жөнүндө маалыматты квартал сайын ФМдин расмий сайтына жайгаштыруу | Квартал сайын | ФМ |
Кыскартуулардын тизмеси
КР БК | – | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси | |
МБК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | |
МСК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | |
Маммүлк | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | |
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | |
МИ | – | мамлекеттик ишкана | |
БКЭ ЖАК КР КР МК | – – – – | Бирдиктүү казыналык эсеп жабык акционердик коом Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети | |
БКА картасы | – | бюджеттик каражаттарды алуучунун картасы | |
КМТУ Курулуш министрлиги ММЖСМ ИЖБИМ | – –
– – | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |
ЭМ | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |
ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | |
САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | |
ЖРЭТКМ
Агартуумин КР УБ | – – – | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | |
УК ААК ЖЧК КРӨ | – – – – | улуттук компания ачык акционердик коом жоопкерчилиги чектелген коом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | |
ЭП | – | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы | |
ТМБ | – | товардык-материалдык баалуулуктар | |
ЖЭБ | – | жылуулук электр борбору | |
|
|
|
|