Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры №612
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле администрациялык жана финансылык маселелерди тартипке келтирүү максатында, “Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
“61. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча келген өлкөдө офистик жайларды ижарага алууга уруксат берилсин.”;
2) 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
“3) Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлүнүн офистик жайына 2023-жылдын сентябрынан тартып ай сайын ижара акысын төлөөнү тиешелүү жылга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде камсыз кылсын.”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн уюштуруу тартибинде:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
“– келген өлкөдө мамлекеттин менчигинде турган соода павильондорунун/үйлөрүнүн ишин уюштуруу жана зарылдыгына жараша алардын иштешине контролду жүзөгө ашыруу.”;
– 30-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Соода өкүлчүлүктөрү контракт түзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттери менен макулдашуу боюнча көмөк көрсөтүүдөн атайын эсепке түшүүчү төмөнкүдөй өлчөмдөгү комиссияны белгилей алат:”;
– 31, 32-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |