Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августу № 531
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым маселелери тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 836 токтомунун редакциясына ылайык)
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ишти башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жана натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти деп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
5. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 1-пунктунун 3-3-пунктчасындагы "Суу ресурстары кызматынын алдындагы" деген сөздөр "Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункттун 17-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 10-пункттун төртүнчү абзацы, 11-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктта:
1-пунктчанын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчада:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзацтагы "мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин," деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси жана "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси позициялары алып салынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 202-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 "Ветеринария, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы тармагындагы айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункттун 9-пунктчасы;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
13. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
- бул токтомдун 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону камсыз кылсын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
14. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин иштеп жаткан кызматкерлери (техникалык жана тейлөөчү персоналды кошпогондо) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келген шартта кенже, улук жана башкы кызмат орундарына дайындалуучу адамдын мамлекеттик органдын кадрлар резервинде туруусу жөнүндө талапты эске албастан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинде мамлекеттик жарандык кызматтын тиешелүү кызмат орундарына дайындалууга тийиш деп.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 836 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-августундагы № 65 (3721) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
|
| 3-тиркеме |
3-тиркеме
“2-тиркеме
».
|