Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-сентябры № 603

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына кызматтык маянанын 200 пайызына чейинки өлчөмдө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү, жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча сый акыны (жыл ичинде сыйлоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар жумшалат), ошондой эле шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү төлөмдөрдү белгилейт.”.

2. Бул токтомду ишке ашыруу республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

4..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев