Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-сентябры № 595
Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар транспорт
каражаттарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн транспорт каражаттарынын кыймылынын маселелерин тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар транспорт каражаттарына карата төмөнкүлөргө тыюу салынат деп:
– ээликтен ажыратууга;
– Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга;
– ушул пункттун 2-пунктчасында аныкталган учурлардан тышкары башка адамга башкаруу укугун өткөрүп берүүгө;
2) төмөнкүдөй учурларда транспорт каражатын башкаруу укугун чектелүү өткөрүп берүүгө уруксат берилет деп:
– транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) – ырастоочу документтерди (өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, мурастоо тууралуу күбөлүктү, никелешүү тууралуу күбөлүктү, балдардын биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөткөндө транспорт каражатынын менчик ээси каза болгон учурда жана транспорт каражатын колдонуу укугу мурастоо тартибинде өткөрүп берилгенде;
– транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) же камкордукка алуучу/көзөмөлдүк кылуучу болуп дайындалган жакка – ырастоочу документтерди (камкордукка алууну/көзөмөлдүк кылууну белгилөө тууралуу соттун чечимин, никелешүү тууралуу күбөлүктү, балдардын биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөткөндө транспорт каражатынын менчик ээсин тиешелүү соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелген деп таанылган учурда.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктун аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |