Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-сентябры № 604

 

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 116-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдар тарабынан кызматкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 “Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 289 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 “Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев