Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-сентябры № 619
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 582 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |