АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин 5 - чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры № 19
Айдаркен шаардык мэриясынын 2025-жылдын 21-августундагы №01-07/68 сандуу катына негиз макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 11-августундагы №2717 сандуу катына, “Хайдаркан сымап акционердик коому” ААКнын 2025-жылдын 24-июлундагы №05-287 сандуу катына негиз сымап комбинатка тиешелүү болгон 5,50 га жана 1,24 га жер аянттарын шаардык мэриянын муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 сандуу “Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ” мыйзамынын талаптарына ылайык жана Айдаркен шаардык кеңешинин кезектеги 11-сессиясынын №11-протоколунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Хайдаркан сымап акционердик коому” ААКнын комбинатка тиешелүү болгон Айдаркен шаарынын аймагында жайгашкан 5,50 га жана 1,24 га жер аянттары шаардык мэриянын муниципалдык менчигине “Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ” мыйзамынын талаптарына ылайык макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык мэрияга жүктѳлсүн.
- Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А. Алтымышова |