Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин 5 - чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябры № 20

 Айдаркен шаардык мэриясынын 2025-жылдын 2-сентябрындагы №01-07/77 сандуу катына негиз макулдук берүү жѳнүндѳ

          Айдаркен шаардык кеңеши, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2019-жылдын 11-октябрындагы №01-13/1219 сандуу билдирүүсүнɵ негиз Айдаркен шаарынын батыш тарабында жайгашкан союз мезгилинен бери таштанды таштоочу жай катары колдонулуп келген 10,56 га жер аянтын ɵнɵр жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) кезектеги 11-сессиясында каралып, талкуулап чыгып №11-протоколунун негизинде

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

  1. Айдаркен шаарынын батыш тарабында жайгашкан союз мезгилинен бери таштанды таштоочу жай катары колдонулуп келген 10,56 га жер аянтын ɵнɵр жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына мыйзам чегинде которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык мэрияга жүктѳлсүн.

 

  1. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

 

Төрага

А.А. Алтымышова