Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 12-сентябры ПЖ № 258
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө
санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча
чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары коштоо боюнча кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштыкты камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коомун (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзсүн;
2) “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткарууну жүктөсүн:
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;
– медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функцияларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесинин;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин;
3) медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функцияларды тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөсүн;
4) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдардын материалдык-техникалык базасын “Түндүк” ААКка белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
5) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлерин “Түндүк” ААКка ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
6) белгиленген тартипте төмөнкү уюмдарды жойсун:
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесин;
7) “Түндүк” ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз берүүчүлөр болуп саналат деп аныктасын:
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;
– Куралдуу Күчтөрдү, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;
– Бишкек шаарынын мэриясын;
8) “Түндүк” ААКта акционер катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине өткөрүп берсин;
9) биометрикалык маалыматтар жаатында саясатты иштеп чыгуу жана биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөсүн;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтер бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын техникалык оператору деп аныктасын;
11) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 70 (3726) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |