Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2025-жылдын 25-августу № 46

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123  Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Ак-Татыр айылөкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсү 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга графикти бекитүү боюнча айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  XIII сессиясы токтом кылат:

 

1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Рават айылдарында 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн төрт айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.

 

2.Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.

№

Айылдын аты

Боло турган күнү жана сааты

            Жооптуу адамдар

1

Үч-Дөбө

02.09.2025,  10:00

Даабеков Сайтбурхан

Өкмөт башчы

2

Орто-Боз

03.09.2025,  10:00

Жапарова Айымбасар

Өкмөт башчы

3

Ак-Татыр

04.09.2025,  10:00

Темиров Акжол

Өкмөт башчы

4

Рават

05.09.2025,  10:00

Жапаров Нурудүн

Өкмөт башчы

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.

 

            4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.   

       

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

           6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Т.Исманов