САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясы
2025-жылы 27-августу №80
Салык боюнча Кз зоналык коэфициентинин өлчөмүн белгилөо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын жетекчиси З.Сапаровдун берген катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388- жана 404-беренелерине ылайык Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз коэфициенти 1,0 барабар болуп кабыл алынсын.
- Ушул токтомдун аткарылуусун камсыздоо жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары Ж.Полотовго милдеттендирилет.
- Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселери боюнча туруктуу комиссиясына (Х.Джусупов) тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |