Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-сентябры № 607
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 237 тескемесин аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 7-пунктта “578”, “496” деген цифралар тиешелүү түрдө “613”, “531” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 13-тиркемесинде:
– эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине транспорттук контролдоо пункттарындагы иштин өзгөчө режими үчүн ай сайын 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө үстөк белгилесин.”.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2025-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон акча каражаттарын карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| A.А. Касымалиев |