Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы”
атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды жана Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары – “Тамчы” АФИА) башкаруу боюнча кеңешти (мындан ары – Кеңеш) түзүүнүн негиздерин, курамын, компетенциясын, ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштурууну аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын жана инвестордун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылган, “Тамчы” АФИАнын ишин стратегиялык башкаруучу жана контролдоочу туруктуу иштеген жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишин ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруунун эң мыкты эл аралык стандарттарын сактоо принциптеринде жүзөгө ашырат.
4. Бул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар, эгерде бул Тартипте башкача каралбаса, алар Мыйзамда кандай мааниде пайдаланылса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Кеңештин максаты жана милдеттери
5. Кеңешти түзүүнүн максаты “Тамчы” АФИАны түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, финансылык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүү жана ишенимдүү юрисдикция катары статусун чыңдоого өбөлгө түзүүчү алдынкы эл аралык финансылык-инвестициялык борбор катары өнүктүрүү үчүн анын ишин стратегиялык жетектөөнү, координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу болуп саналат.
6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) “Тамчы” АФИАны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана көрө билүүсүн аныктоо, бекитүү жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
2) “Тамчы” АФИАнын ишинин финансылык рынокторду жөнгө салуу, ошондой эле акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттарга (FATF, IOSCO, Базель комитетинин стандарттарын кошо алганда) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу;
3) банктык, камсыздандыруу, фонддук ишти, финансылык технологияларды, блокчейн жана виртуалдык активдерди кошо алганда, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана диверсификациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
4) “Тамчы” АФИАнын туруктуу ишин камсыз кылуу, анын ичинде зарыл болгон инфраструктураны, кадрдык потенциалды жана билим берүү программаларын өнүктүрүү (DIFC Academy сыяктуу мыкты эл аралык практикалардын, ошондой эле башка алдынкы эл аралык практикалардын мисалында);
5) эл аралык инвесторлор жана финансылык институттар үчүн коопсуз, ачык-айкын жана ишенимдүү юрисдикция катары “Тамчы” АФИАнын имиджин түзүү жана колдоо;
6) “Тамчы” АФИАнын бекитилген бюджетинин максаттуу жана натыйжалуу аткарылышын контролдоо;
7) Кеңештин ички регламенттерин жана жол-жоболорун бекитүү, ошондой эле Мыйзамдан, “Тамчы” АФИАнын актыларынан жана бул Тартиптен келип чыгуучу башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
3-глава. Кеңешти түзүү жана калыптандыруу тартиби
7. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
8. Кеңештин мүчөлөрүн баштапкы дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан өздөрүнүн курамынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.
9. Бош орундарга Кеңештин жаңы мүчөлөрүн андан ары дайындоо, Кеңештин иштеп жаткан мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын узартуу, ошондой эле Кеңештин төрагасын дайындоо Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн кем эмес добушу менен жүзөгө ашырылат.
10. Кеңеш негизги маселелерди алдын ала кароо үчүн (аудит, тобокелдиктерди башкаруу, этика, кадрлар жана сыйлоо, инвестициялык саясат боюнча) адистештирилген комитеттерди түзүүгө укуктуу.
4-глава. Кеңештин курамы
11. Кеңеш Кеңештин төрагасынан жана Кеңештин тогуз мүчөсүнөн, анын ичинде “Тамчы” АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинен турат.
Бир адам Кеңештин төрагасынын жана башкаруучу компаниянын жетекчисинин кызмат орундарын айкалыштыра албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү жана инвесторлор кирет.
13. Кеңештин укуктуулугун камсыз кылуу үчүн эң аз сандык курамы – беш мүчөдөн турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кеңештин мүчөлөрү болуп коммерциялык иш, финансылык, банктык иш, юриспруденция, камсыздандыруу иши, бухгалтердик эсепке алуу, капитал рыноктору чөйрөсүндө эл аралык тажрыйбага же кандай болбосун башка компетенцияга ээ адамдар.
5-глава. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана ыйгарым укуктарын токтотуу
15. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылды түзөт.
16. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары бул Тартиптин 3-бөлүмүндө каралган жоболорго ылайык чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.
17. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кеңештин төрагасы тарабынан төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
– Кеңештин мүчөсү 30 календардык күн мурда жазуу жүзүндө ыктыярдуу кызматтан кетүү жөнүндө арыз берсе;
– медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча милдеттерин аткарууга мүмкүн болбосо;
– соттун күчүнө кирген чечими менен адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылса;
– адам банкрот деп таанылса;
– Кеңештин мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
– милдеттерин системалуу түрдө аткарбаса же корпоративдик этика кодексинин жоболорун одоно бузса;
– башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо;
– Кеңеш тарабынан анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында кадрларды ротациялоо жөнүндө чечим кабыл алынса.
18. Ыктыярдуу кызматтан кетүүнү кошпогондо, Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим Кеңештин төрагасы тарабынан кабыл алынат.
6-глава. Кеңештин ыйгарым укуктары жана компетенциясы
19. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) “Тамчы” АФИАны өнүктүрүү саясатынын жана пландарынын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
2) “Тамчы” АФИАнын бюджетинин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартибин аныктоо жана “Тамчы” АФИАнын жылдык бюджетинин аткарылышын контролдоо;
3) “Тамчы” АФИАны ушул сыяктуу коммерциялык жана финансылык борборлор үчүн мыкты эл аралык стандарттарга ылайык башкаруу;
4) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө алдынкы коммерциялык жана финансылык борбор катары “Тамчы” АФИАнын статусун колдоо;
5) максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл болгон инфраструктураны, персоналды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка колдоолорду көрсөтүү;
6) өз функцияларын, милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн алынган каражаттарды өзүнүн кароосу боюнча чыгымдоо, анын ичинде башкаруу органдарына зарыл болгон каржылоону берүү;
7) Кеңештин ички жол-жоболорун белгилөө;
8) акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн туруктуу системасын киргизүүнү жана сактоону камсыз кылуу;
9) башкаруучу компаниядан Мыйзамдын 11-беренесинде каралган тартипте башкаруучу компаниянын иши жөнүндө отчетторду берүүнү талап кылуу;
10) финансылык жөнгө салуучу менен макулдашуу боюнча “Тамчы” АФИАнын аймагында виртуалдык активдерди жана эсептешүүнүн башка ыкмаларын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун төрагасын, талаш-тартыштарды чечүү боюнча комитеттин төрагасын жана судьяларын дайындоо;
12) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун ишинин маселелерин, анын ичинде анын түзүлүшүн, башкарууну, юрисдикцияны, ыйгарым укуктарын, курамын, колдонулуучу укукту, ошондой эле иштөө тартибин жана жол-жоболорун аныктоочу “Тамчы” АФИАнын актын бекитүү;
13) мыйзамдарда, “Тамчы” АФИАнын актыларында жана бул Тартипте Кеңештин компетенциясына киргизилген маселелер боюнча “Тамчы” АФИАнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка чечимдерди кабыл алуу.
20. Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) “Тамчы” АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисин дайындоо;
2) бул Тартипке ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу.
7-глава. Кеңештин ишин уюштуруу
21. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок тиешелүү календардык жылдын 1-январынан жана 1-июлунан кийинки үч айдан кечиктирилбестен жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Бардык башка жыйналыштар Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча же Кеңештин үчтөн кем эмес мүчөсүнүн талабы боюнча чакырылышы мүмкүн.
22. Жыйналышты өткөрүүнүн датасын, убактысын, ордун жана форматын (катышуу же видеоконференцбайланыш аркылуу) Кеңештин төрагасы аныктайт.
23. Жыйналышты өткөрүү тууралуу кабарлоо күн тартибинин долбоору жана коштоочу материалдар менен Кеңештин бардык мүчөлөрүнө ал башталганга чейин кеминде 48 саат мурун жөнөтүлөт.
24. Жыйналышты өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кворумду Кеңештин беш мүчөсү түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кеңештин чечимдери Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
26. Кеңештин мүчөсү анда түз же кыйыр кызыкчылыктардын кагылышы болгон маселелерди талкуулоодо добуш берүүгө катышууга укуктуу эмес жана кворумдан чыгарылууга тийиш.
27. Бул Тартиптин жоболоруна ылайык сырттан катышуу менен өткөрүлгөн жыйналышта (анын ичинен видеоконференцбайланыш жана/же Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабарлоодо көрсөтүлгөн электрондук почта дареги боюнча жөнөтүлгөн электрондук формаларды/сурамжылоолорду толтуруу аркылуу өткөрүлгөн) Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган Кеңештин чечимдери анык болуп саналат жана эгерде мындай жыйналыштын протоколуна Кеңештин төрагасы кол койсо, өзү катышуу менен өткөрүлгөн жыйналышта кабыл алынган чечимдер менен бирдей күчкө ээ болот.
28. Регламентке ылайык купуя болгон учурларды кошпогондо, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган бардык чечимдер “Тамчы” АФИАнын расмий реестринде милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
29. Кеңеш өз функцияларын аткаруу үчүн көз карандысыз эл аралык эксперттерди, консультанттарды жана юридикалык фирмаларды тартууга укуктуу.
30. Кеңештин бардык чечимдери Кеңеш тарабынан аныкталуучу тартипте жазуу жүзүндө таризделет. Бардык мындай чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин изилдөөсү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине анын суроо-талабы боюнча берилип турууга тийиш.
Кеңеш мындай материалдарды сактоо тартибин аныктоого тийиш.
8-глава. Финансылык шарттар жана отчеттуулук
31. Кеңештин мүчөлөрүнүн сый акысынын жана чыгымдарын компенсациялоонун чектүү өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жогорку квалификациялуу адистерди тартууну камсыз кылуу үчүн көз карандысыз директорлорго эмгек акы төлөөнүн эл аралык практикасын эске алуу менен бекитилет. Кеңештин ар бир мүчөсүнүн сый акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген сый акынын жана компенсациянын чектүү өлчөмүнө ылайык Кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат.
32. Кеңеш “Тамчы” АФИАнын бюджетинин каражаттарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.