Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти";
- расмий тилде: "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИСКССЧӨД";
- расмий тилде: "ДРПВВ".
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
6. Департаменттин ишинин максаты калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу борбордук системасын жана канализациялык тазалоо курулмаларын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү;
- калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- айыл жерлеринде жана райондук маанидеги шаарларда борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана канализациялык тазалоо курулмаларын эксплуатациялоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансы институттарынын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.
4-глава. Департаменттин функциялары
8. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттери ишке ашыруу үчүн Департамент төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча аткаруучу агенттиктин функцияларын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизүү жана иштеп чыгууга катышуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну уюштуруу жана катышуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү заказчынын функцияларын аткаруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармагын эксплуатациялоочу уюмдарга борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоонун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдаланууга байланыштуу республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын жана ишкер долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин бүткөрүлгөн курулуш-монтаждоо иштерин пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдарды, чет өлкөлүк инвестицияларды координациялоо;
- калктуу конуштарда жана кайра иштетүү өнөр жайы объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү программаларды, анын ичинде улуттук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
3) колдоо функциялары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаны киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- калктуу конуштардын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтар базасын түзүү жана иштешин камсыз кылуу;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу.
5-глава. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу бөлүмдөрдү/топторду (ДИБ/ДИТ) түзүүгө;
- Департаменттин ишинин маселелери боюнча координациялык жана консультациялык органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Департаменттин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик-техникалык коммуникацияларынын подряддык уюмдар тарабынан алардын багытына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан жүзөгө ашырылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
- курулуш-монтаждоо жана башка түрдөгү иштердин сапатсыз аткарылгандыгы үчүн ченемдик укуктук актыларды жана келишимдик милдеттенмелерди бузуу жөнүндө доолор менен сотко кайрылууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо үчүн маалымат алуу же консультация берүү тартибинде консультациялык фирмалардын, подрядчылардын, жеткирүүчүлөрдүн адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруунун жүрүшүнө контроль жүргүзүүгө;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоону жүргүзүүгө, зарыл учурда контракттарды бузуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болууга;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда стандарттарды жана ченемдерди иштеп чыгууга жана сакталышына контролдоону жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Департаменттин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашыруу.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан Департаменттин директорунун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерине ылайык жүзөгө ашырат. Директор болбогон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Департаменттин кызматкерлери, анын ичинде директор жана анын орун басары мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелет.
12. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык, ал эми кенже кызмат көрсөтүүчү персоналды жана техникалык тейлөө персоналын - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Департаменттин бардык финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ;
- Департаменттин компетенциясына кирген иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерине, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана түзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, республиканын бардык органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана бекитүү үчүн Министрликке сунуштайт;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун, эл аралык финансы институттарынын каражаттарынын эсебинен каржылануучу кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык түзүлгөн долбоорлорду ишке ашыруучу бөлүмдөр же топтор жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Департаменттин мүлкү
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
15. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
16. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)

- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;