БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 72
“Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун 2013-жылдын 24-декабрындагы Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатындагы Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-августундагы № 01-12/4228 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундуларынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (Жобо тиркелет)
2.Баткен шаарынын башка аймактардан келген ден- соолугунан майып балдарга кошумча көрсөтүлүүчү кызмат акыларынын баасы бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет)
3. “Нур” балдарды каыптандыруу борборунун өзгөртүлгөн Жобосу Баткен облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовага тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын №_________
токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борбору муниципалдык мекемеси жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчиктеги «Нур» балдарды калыптандыруу борбору (мындан ары – Балдарды калыптандыруу борбору) Баткен шаарынын мэриясынын карамагындагы муниципалдык мекеме болуп саналат жана анын укуктук макамын, максатын, милдеттерин, функцияларын, түзүмүн жана ишмердигин ушул Жобо жөнгө салат.
2. Балдарды калыптандыруу борбору өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, “Майып адамдарды реабилитациялоо жөнүндө” мыйзамынын, “Жарандык” кодексинин, жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
3. Балдарды калыптандыруу борбору аларга бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелет. Калыптандыруу борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме. Балдарды калыптандыруу борборунун өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналыкта алыш-бериш эсеби болот.
4. Борбор 3 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелеген өзгөчө муктаждыгы бар балдардын зарыл болгон калыптандыруучу( реабилитациялык) жана абилитациялык жардамдарды берүүчү, ошондой эле эрте жаштагы (1,5 жаштан 3 жаш) балдардын өнүгүүсүнө кийлигишүү программасы (ранее вмешательство) менен иш алып баруучу, Баткен шаарынын тургундары үчүн муниципалдык мекеме болуп эсептелинет.
5. Калыптандыруучу, жардамдарды берүү жаатында 3 жаштан 10 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Ар бир баланын өсүү өзгөчөлүгүнө, анын диагнозуна жараша калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлөт.
6. Эрте жашатагы балдардын өнүгүүсүнө кийгилишүү программасынын негизинде 1,5 жаштан 3,5 жашка чейинки балдар менен топтук иш аракеттер уюштурулуп, адистер тарабынан жүргүзүлөт. Жаш курагына жана диагнозуна карата топторго бөлүп кызматтар көрсөтүлөт. Ал эми жашы 10 дон 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм балдар, жогоруда аталган жаш балдардан айырмаланып, кеп-кеңеш алуу үчүн логопед, дефектологдун жана психологдун коррекциялык сабактарына, комплекстүү калыптандыруучу адистин сенсемотордук терапияларына жана дарыгердин көрсөтмөсүнүн негизинде медициналык дарылануусуна, массаждын түрлөрүнө, гидромассаждык ваннага, парафин, электрофарез менен физикалык дарылоолорго келип реабилитациялык жардамдарды алышат. Борбордун уюштурулган майрамдык иштерине катыша алышат.
2. Балдарды калыптандыруу борборунун толук аталышы:
3. Мамлекеттик тилде – Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борбору муниципалдык мекемеси,
4. расмий тилде – Муниципальное учреждение детский реабилитационный центр “Нур” при мэрии города Баткен.
7. Юридикалык дареги: Баткен ш., Б.Ходжаев көчөсү, 10.
5. Балдарды калыптандыруу борборунун максаттары жана милдеттери
8. Борбордун негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды комплекстүү ребилитациялоо үчүн шарттарды жана алардын коомго жана үй-бүлөгө интеграцияланышына өбөлгө түзүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө муктаждыгы бар 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга зарыл болгон калыптандыруучу (реабилитациялык) жана абилитациялык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле 1,5 жаштан 3 жашка чейинки балдардын өнүгүүсүнө эрте кийлигишүү (ранее вмешательство) программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет. Калыптандыруучу жана жардам берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн 3жаштан 10 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Ар бир балага аны диагнозуна жана индивидуалдык өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлөт.
9. Балдарды калыптандыруу борборунун милдеттери:
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоонун комплекстүү системаларын түзүү;
7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
8. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын психологиялык, физикалык, социалдык жана таанып-билүү өнүгүүсүн колдоо.
9. Балдардын медициналык диагнозуна жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша реабилитациялык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
10. Эрте жаштагы (1.5 жаштан 3,5 жашка чейинки) балдар менен топтук иш аракеттерди уюштуруу жана адистердин катышуусунда жүргүзүү.
11. Ата-энелерди (же мыйзамдуу өкүлдөрдү) баланын өнүгүүсүнө активдүү тартуу жана алардын билим деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.
12. Балдардын дене тарбия жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
13. Психологиялык, логопеддик, дефектологиялык жана педагогикалык колдоо көрсөтүү;
14. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери, медициналык уюмдар менен кызматташуу.
15. Инклюзивдик чөйрөнү калыптандыруу жана коомдук жашоого балдардын катышуусун камсыз кылуу;
16. Балдарга кызмат көрсөтүү процессинде балдардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо.
17. Балдарды калыптандыруу борборунун функциялары
10. Балдарды калыптандыруу борбору төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды реабилитациялоонун комплекстүү чараларын камсыз кылат;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн психолокоррекциялык иш-чараларды жүргүзөт;
- Балдарды калыптандыруу борбору мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды акыл-эсинин өнүгүүсүнүн кечеңдеген жана физикалык жактан кемчилиги бар балдарды коомго интеграциялоого, алар үчүн инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө, мектепке чейинки, психологиялык, социалдык, логопедиялык жана комплекстүү калыптандыруучу жардам көрсөтүүгө багытталган ишмердикти жүзөгө ашырат.
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын Балдарды калыптандыруу борборунда болушунун мөөнөтүн, мезгилдүүлүгүн аныктайт;
- Реабилитациялоо иш-чараларын үй шартында өткөрүү үчүн (үзгүлтүксүздүк принцибин сактап) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн, ошондой эле алардын ата-энелери үчүн окутуу-реабилитациялык иш чараларды камсыз кылат;
- Кадрларды тандоону, даярдоону жана жайгаштырууну, квалификацияны жогорулатуу курстарында адистерди окутууну жана квалификациясын, ошондой эле Балдарды калыптандыруу борборунун кадрдык потенциалын жогорулатууну жүзөгө ашырат;
- Балдарды калыптандыруу борборунун материалдык-техникалык базасын керектүү жабдуулар жана реабилитациалоо шаймандары менен камсыз кылат;
- Демөөрчүлөрдөн коолдоо берилип турса, балдарга тамактануу уюштурулат.
- Өзүнүн компетенциясынын чегинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн гуманитардык жана гранттык жардамдарды тартуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат; -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Балдарды калыптандыруу борбору жайгашкан имаратты авариялык жагдайларды болтурбоо жана санитардык-гигиеналык иш-чараларды аткаруу боюнча иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашырат.
18. Балдарды калыптандыруу борборунун укуктары
11. Балдарды калыптандыруу борбору төмөнкү укуктарга ээ:
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялоо чараларын жакшыртуу маселелери боюнча Баткен шаарынын мэриясына сунуштарды киргизүүгө;
- Тажрыйба алмашуу жана реабилитациялоо программаларын жүзөгө ашыруу боюнча республиканын реабилитацялоочу мекемелери өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Балдарды калыптандыруу борборунун компетенциясынын чектеринде семинарларды, конференцияларды, конкурстарды өткөрүүгө жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн реабилитациялоочу борборлору менен кызматташууга.
12. Кызматкерлер үчүн негизги талаптар:
- Педагогикалык же мектеп жашына чейин балдарды тарбиялоо мекемелеринде 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болуу керек;
- Педагогикалык же гуманитардык илимдер боюнча жогорку же атайын орто билими болууга тийиш.
- Алынган кызматкерлер бир айлык сыноо мөөнөтү менен жумушка алынат;
- Реабилитациялоо борборунун алдына коюлган маселелердин аткарылышын камсыз кылат;
- Балдардын ден соолугунун калыптандыруусуна жоопкерчиликтүү болот, тарбия берүүнүн туура коюулуусуна, педагогикалык, медициналык жана тейлөөчү персоналдык ишинин так уюштурулушуна жооп берет.
13. Борбордун кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Балдар менен иштөөнүн жекече жана топ түрүндө иштөө планын түзүүгө;
- финансылык каражаттарды туура пайдаланууга;
- Борбордогу буюмдардарды туура пайдаланып, таза сактоого;
- Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, бирдиктүү иш жүргүзүүгө;
- Зарыл болгон кырдаалда медициналык жардамга кайрылууга;
- Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу тууралуу кам көрүүгө;
- Тартипти сактап, жоопкерчилик менен иштөөгө;
- Балдарды калыптандыруу борборунун администрациясынын тапшырмасын так жоопкерчиликтүү аткарууга;
- Балдарга тазалык-гигиенага, тиричилик жана эмгек көндүмдөрүнө үйрөтүүгө;
- Балдардын укугун тебелөөгө жол бербөөгө.
19. Балдарды калыптандыруу борборунун ишин уюштуруу
14. Балдарды калыптандыруу борборун директору Баткен шаарынын мэри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Башкы бухгалтер жана кызматкерлер борбордун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Балдарды калыптандыруу борборун түздөн-түз башкаруучу органы Баткен шаарынын мэриясы болуп эсептелет.
15. Башкаруу органынын өзгөчө компетенциясы:
- Борбордун жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү,
- Штаттык тартипти жана чыгымдардын сметасын бекитүү;
- Борбордун жоюу маселесин чечүү;
- Баткен шаардык Кеңеши тарабынан реабилитациялык кызматтарга прейс-курант бекитүү.
16. Директор:
- Балдарды калыптандыруу борборуна жүктөлгөн милдеттердин жана функцияларын аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- Ишеним катсыз ишкананын атынан аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан иш алып барат;
- Эмгек мыйзамдарына ылайык борбордун кызматкерлерин конкурстун негизинде дайындайт жана бошотот, аларды сыйлоо жана тартипке салуу чараларын көрөт;
- Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Балдарды калыптандыруу борборунун кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
- Балдарды калыптандыруу борборунун түзүмүн жана кызмат орундарынын тизмесин, чыгымдарынын сметасын жана башка беренелерине шаардык Кеңештин бекитүүсүнө берет;
- Белгиленген тартипте Балдарды калыптандыруу борборунун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Балдарды калыптандыруу борборунун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Балдарды калыптандыруу борборунун ишине жетекчилик кылуу боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
- Балдарды калыптандыруу борборунун атайын эсебине жардам катары түшкөн каражаттарды, балдар үчүн жана кызматкерлердин иш процесстерине (балдардын өнүгүүсүнө керектелүүчү жабдыктарды камсыз кылууга, кызматкерлерди кайра окутууга, балдарды сыртка спорт мелдештерге, конкурс, фестивалдарга ж ,б ) алып чыгусуна иштетет.
20. Борбордун иш режими жана кабыл алуу тартиби
17.Борбор иштөөнүн ийкем режимин белгилейт күндүзгү, смендик (3 сааттык) калыптандыруучу кызматтарды көрсөтөт.
18. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды борборго кабыл алуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо” бөлүмүнүн багыттамасынын негизинде;
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур”реабилитациялык борборунун ДМЧ балдарга кызмат көрсөтүү прайс баракчасы:
|
- Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн оюн жана каалоосун эске алуу менен Борбор жетекчисинин атына жазган арызынын негизинде;
- Психолого-медико-педагогикалык кеңештин (ПМПК) жана Медико-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) бүтүмдөрүнүн негизинде.
- Жашаган жеринен тастыган маалым кат.
- Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк көчүрмөсү;
- 063/У жана эмдөө баракчасы, медициналык маалым кат;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборго бир жылдык келишим түзүү менен кабыл алынат.
19. Калыптандыруу борбор 3 жаштан 10 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, төмөнкүдөй диагнозу бар балдарды кабыл алат:
21. Акыл эсинин өсүүсүнүн орточо жана оор учурлар
22. Кыймыл аракет органдарынын функциясынын үзгүлтүккө учуроосу
23. Угуусу жабыркаган балдар(керең,начар уккан,угуусу кийин бузулган)
24. Көрүүсү жабыркаган балдар (начар көргөндөр)
25. Сүйлөөсү кечиккен жана жабыркаган балдар
26. Таяныч кыймыл аракет аппараты жабыркаган балдар (ДЦП)
27. Психикалык мотордук өнүгүүсү кечиккен балдар (ЗПМР)
28. Жүрүм турум ,мамиле түзүү жөндөмдөрү жабыркаган балдар (СДВГ)
29. Психофизикалык өнүгүүсү комплекстүү түрдө жабыркагандар б.а. татаал кемчиликтери бар(керең-дудук,акыл-эси чабал кереңже балдар).
30. РАС менен жабыркаган (аутизм) балдар
31. Генетикалык өзгөчөлүктөрү бар балдар
Борбор эпилепсия,судороги бар балдарга калыптандыруучу кызматтарды көрсөтпөйт.
20. Кызматтарды көрсөтүү тартиби:
32. Калыптандыруучу жана жардам берүү кызматтары 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга көрсөтүлөт.
33. Балдарды кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, тийиштүү тармактык нормативдик-укуктук актыларга жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
34. Балдар жаш курагынын өзгөчөлүктөрүнө жана медициналык диагнозуна жараша атайын топторго бөлүнөт.
35. Ар бир балага анын медициналык диагнозуна жана индивидуалдык өсүү өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша кызматтар жеке реабилитациялык планга ылайык көрсөтүлөт.
36. Калыптандыруучу кызматтардын мазмуну жана көлөмү адистер тарабынан иштелип чыккан методикалык программалардын негизинде аныкталат.
36.1 Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү жана жыштыгы адистердин сунушуна жараша аныкталат .
37. Баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү калыптандыруу процессине тартылат жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүнө катыша алат.
38. Көрсөтүлүүчү кызматтар бекер же келишимдин негизинде акы төлөнүүчү негизде уюштурулушу мүмкүн. Каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
39. Кызмат көрсөтүүдө баланын ден соолугунун коопсуздугуна, укуктарына жана кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулат.
40. Ар бир топко ылайыкташтырылган калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлөт.
41. Балдарды калыптандыруу борборуна Баткен шаарынын башка аймактарынан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген балдарга көмөк көрсөтүү жагы каралса, (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
42. Борбордун каржылык каражаттары төмөнкү багыттарга жумшалат:
43. Калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтарды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
44. Кызматкерлердин эмгек акысына жана социалдык кепилдиктерине;
45. Окуу- методикалык жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого;
46. Административдик чыгымдарды жабууга;
47. Балдардын реабилитациялык процесси үчүн зарыл болгон кошумча муктаждыктарга.
48. Ишмердикти токтотуу тартиби:
1. Борбордун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- Баткен шаардык Кеңешинин чечиминин негизинде;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
2. Ишмердик токтотулган учурда Борбордун мүлкү жана каражаттары негиздөөчүнүн (Баткен шаарынын мэриясынын) карамагына өткөрүлөт.