Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрели №4/1
«Бадачылардын жайлоого көчүп кетүүсүнүн, көчүп келүүсүнүн мөөнөтүн жана бада акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө»
Кара-Камыш айылдык кеңешинин Айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №11 корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-камыш айыл аймагындагы ар бир бадачы жана мал ээлери 15-майдан кечикпей жайлоого көчүрүлүп, 10-сентябрдан кийин көчүп келүү жагы белгиленсин.
2.Мал алып жайлоого чыккан бадачылардын бада акысы; Кара-малга (уй, жылкы) бир айга-750 сом, саан уйга-500 сом, жоголгон мал келишим менен ээсине төлөп берүү жагы суралсын.
3.Кой жана эчкиге айына-150 сомдон болуп, жоголгон койго-козу, козуга-4000 сом, ал эми жоголгон эчкиге-улак, улака-2000сом мал ээсине төлөнүп берилсин.
4.Мал алган бадачылардын малынын саны 500 (беш жүз) дөн ашпасын.
5.Бадачылар мал кабыл алып жаткан учурда эмделбеген же болбосо эмделгендиги тууралуу тактамасы жок малдар кабыл алынбасын.
6.Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |