Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 токтомуна) |
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана педагогикалык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында гранттык жана бюджеттик негизде окуп жаткан кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн (мындан ары - бүтүрүүчүлөр), ошондой эле жаш адистерди бөлүштүрүү жол-жобосун белгилейт.
2. Кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын толук окуу курсун аяктаган жана дипломдук долбоорду (ишти) жактаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөрү алган адистигине жана квалификациясына ылайык жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - бөлүштүрүү боюнча комиссия) чечими боюнча жумушка жиберилет.
3. Медициналык, фармацевттик адистиктер, маданият жана искусство жаатындагы адистиктер, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу педагогикалык багыттар жана даярдоо багыттары боюнча даярдоочу билим берүү уюмунун биринчи курсунда билим алып жаткан студент менен кесиптик орто же жогорку билим берүү уюмунун ортосунда ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүлөт, иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана иштен баш тарткан учурда каражаттардын ордун толтуруу шарттары анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен кесиптик орто, жогорку билим жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим алган бүтүрүүчүлөр жумушка жөнөтүлүүгө тийиш:
- медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- педагогикалык адистиктер боюнча - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- маданият жана искусство жаатындагы адистиктер боюнча -маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- укук коргоо ишинин адистиктери боюнча - ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен.
Мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча окууга жиберилген кесиптик жогорку билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштеп берүү мөөнөтү кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана/же юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
5. Окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча жумушка бөлүштүрүүдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- I жана II топтогу майыптар;
- медициналык-социалдык экспертизанын же саламаттык сактоо системасынын медициналык уюмунун корутундусу боюнча келечектеги кесиптик ишине медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар, анын ичинде республиканын айрым аймактарында иштөө менен байланышкан чектөөлөрү болгон адамдар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
6. Кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө жумуш берүү билим берүү системасынын, саламаттык сактоо, ички иштер, маданият жана искусство уюмдарынын керектөөлөрүнө ылайык жаш кадрлар менен камсыз кылуу үчүн пландык тартипте жүзөгө ашырылат.
2-глава. Бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү тартиби
7. Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) бүтүрүүчүлөрүн жекече бөлүштүрүү алар билим берүү уюмдарында окуусун аяктаганга чейин 3 айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
8. Бүтүрүүчүлөрүнүн саны 500 адамдан ашкан билим берүү уюмдарында айрым факультеттерде же факультеттер тобунда жекече бөлүштүрүү боюнча комиссияларды (мындан ары - комиссия) түзүүгө жол берилет.
9. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын 1-апрелге чейин бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пландалган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдын электрондук системасына жана уюмдардын расмий сайттарына кызыкдар уюмдардан аларга жаш адистерди жөнөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды алуу максатында жайгаштырууга милдеттүү.
10. Бүтүрүүчүлөрдү педагогикалык адистиктер боюнча жекече бөлүштүрүү комиссия тарабынан жүргүзүлөт, анын курамы билим берүү уюмунун ректору (директору) тарабынан бекитилет. Комиссиянын курамына комиссиянын төрагасы болуп эсептелген билим берүү уюмунун жетекчиси (жетекчинин орун басары), бүтүрүүчү кафедралардын, бөлүмдөрдүн башчылары, коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү кирет.
11. Маданият жана искусство жаатындагы адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү боюнча комиссия маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
12. Комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктуу органга комиссиянын иштөө убактысы жөнүндө иш башталганга чейин 2 жумадан кечиктирбестен кабарлайт.
Комиссия төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- кадрларга муктаждыктарды эске алуу менен бөлүштүрүү планын жана бардык бүтүрүүчүлөрдү адистигин, академиялык жетишкендиктерин, үй-бүлөлүк абалын, ден соолугунун абалын, илимий-изилдөө иштерине жана коомдук иштерге катышуусун эске алуу менен билим берүү уюмунда алган адистигине жана квалификациясына ылайык жумушка жиберүүнү аткарууну;
- ар бир бүтүрүүчүгө конкреттүү иштеген жери/кызмат орду, ал эми маалымат болсо - эмгек акысынын өлчөмү, турак жай берүү/жашоо шарты жөнүндө маалыматтарды жеткирүүнү.
13. Комиссия бүтүрүүчү жөнүндө объективдүү маалыматтарды карап чыгат, бүтүрүүчүнүн квалификациясына, алган адистигине жана (же) даярдоо профилине ылайык келген жумушка жиберүү боюнча билим берүү уюмунун сунуштарын угат жана талкуулайт, ошондой эле бүтүрүүчүнүн жеке каалоолорун эске алат.
14. Комиссиянын жыйналышына жүйөлүү себептерсиз келбеген бүтүрүүчүлөрдү жумушка жиберүү жөнүндө чечим алар жокто кабыл алынат.
15. Комиссия чечимди жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
16. Бүтүрүүчүнү жумушка жиберүү жөнүндө сунуш комиссиянын атынан таризделет жана анын төрагасы тарабынан кол коюлат.
17. Комиссия жыйналыштын протоколун жана бүтүрүүчүлөрдү жекече бөлүштүрүү ведомостун ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча жүргүзөт.
18. Бүтүрүүчүнү жумушка жиберүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча күбөлүктү берүү жолу менен ишке ашырылат.
19. Ата-энесинин бири же жубайы (жолдошу) биринчи же экинчи топтогу майып болгон бүтүрүүчүлөргө жумуш алардын өтүнүчүн эске алуу менен ата-энесинин, жубайынын (жолдошунун) туруктуу жашаган жери боюнча берилет.
20. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин офицердик жана башкаруу курамындагы аскер кызматчыларынын, прапорщиктеринин жана контракттык кызмат органдарынын аскер кызматчыларынын жубайларына - бүтүрүүчүлөргө алардын жубайлары (жубайы) кызмат өтөп жаткан жерден ишке орношууга мүмкүнчүлүк берилет.
Ушул Тартиптин максаттары үчүн контракттык кызматтын аскер кызматчыларына "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык резервдик түзүмдөрдө, отряддарда жана башка аскердик түзүмдөрдө ыктыярдуу негизде кызмат өтөп жаткан адамдар; ыктыярдуу тартипте жоокердик, сержанттык курамдагы, прапорщиктердин жана офицерлердин кызмат орундарында кызматчылар; ошондой эле аскердик окуу жайларынын курсанттары жана угуучулары кирет.
Бул Тартип мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, ошондой эле аскердик билим берүү уюмдарынын курсанттарынын жубайларына колдонулбайт.
21. Бүтүрүүчүлөргө - кош бойлуу аялдарга, 3 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой энелерге же аталарга билим берүү уюмун бүтүргөн учурда жумуш алардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнүн (күйөөсүнүн, ата-энесинин) туруктуу жашаган жери боюнча берилет.
22. Бир эле мезгилде кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган жубайларга жумуш бир шаарда же райондо берилет. Эгерде жубайлардын бири эрте бүтүрсө, анда ага жубайынын ошол эле шаарга (районго) келечектеги багытын эске алуу менен жалпы негиздерде, эгерде кеч бүтүрсө жубайынын иштеген мөөнөтүнө карабастан, ал дайындалган жер боюнча иш берилет.
23. Эгерде бөлүштүрүү боюнча комиссия ушул Тартиптин 19, 20, 21 жана 22-пункттарына ылайык бүтүрүүчүгө жумуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо, анда бүтүрүүчү комиссия менен макулдашуу аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болот:
- комиссиянын кароосу менен башка жерге жумушка жөнөтүлүшү мүмкүн, же болбосо
- комиссияга милдеттүү түрдө ырастоочу документтерди берүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча маалымкатты алуу менен өз алдынча ишке орношууга.
Мында ишке орношуу ыкмасына карабастан, белгиленген мөөнөттө иштеп берүү милдети толук көлөмдө сакталып калат.
24. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү он күндүк мөөнөттө жүйөлүү каршы пикири менен карамагында билим берүү уюму турган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу органдын чечими акыркы болуп саналат.
Бүтүрүүчүнүн комиссиянын чечими менен макул эместиги аны дайындалган жумушка келүүдөн бошотпойт.
25. Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары бүтүрүүчү билим берүү уюмун бүтүргөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин колу коюлган бүтүрүүчүлөрдү жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүктү берет.
26. Учурдагы жылы бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүүгө өтүнмө берилген штаттык расписание боюнча кызмат орундары башка кызматкерлер менен алмаштырылбайт.
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү уюм менен эмгек келишимин түзгөн күндөн тартып үч жылдын ичинде жаш адистер болуп эсептелет.
27. Жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк же өз алдынча ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө маалымкат берилгенге чейин билим берүү уюмдарынын жетекчилерине дипломдук долбоорлорду коргогон жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөрдү стипендиядан кыскартууга жана окуудан чыгарууга тыюу салынат.
Уюмдардын жетекчилери билим берүү уюмдарында, ички иштер, маданият жана искусство жаатында адистештирилген билим берүү уюмдарында же саламаттык сактоо уюмдарында окуудан өткөн бүтүрүүчүлөргө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди бөлүштүрүү боюнча комиссия кабыл алат.
28. Ушул Тартипте белгиленген учурларда билим берүү уюмунун комиссиясы жаш адистерди кайра бөлүштүрүүнү жүргүзө алат.
29. Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин тапшырылат.
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуган бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында педагогикалык иштеп берүүнү өтүүгө милдеттүү. Эгерде билим берүү башкармалыгынын аймактык органы ырастаган бош орундар жок болгон учурда кесиптик башталгыч же орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында же жеке менчик формадагы жалпы билим берүү уюмдарында педагогикалык иштеп берүүнү өтүүгө жол берилет.
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуган бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу педагогикалык иштеп берүүнү өтүү фактысына карабастан жүргүзүлөт, анткени диплом билим алгандыгын ырастайт.
Белгиленген мөөнөттө педагогикалык иштеп берүүнү өтөө боюнча милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чараларына алып келет.
Педагогикалык иштеп берүүнү өтүүнү ырастаган документтер катары эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана иштеп берүү өтүлгөн билим берүү уюмунун буйруктарынын көчүрмөлөрү эсептелет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (анын ичинде ички иштер, саламаттык сактоо жана башка чөйрөдөгү) карамагындагы адистештирилген билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тиешелүү органдар белгилеген тартипте тапшырылат.
Алар үчүн дипломдор тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын бөлүштүрүүсүнө ылайык педагогикалык иштеп берүү өтүлгөндөн кийин гана тапшырылат.
30. Билим берүү, маданият, саламаттык сактоо башкармалыктарынын аймактык органдарынын жетекчилери жаш адистерди алган адистигине ылайык рационалдуу пайдаланууну, аларга кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
31. Бүтүрүүчүлөр жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн мөөнөттө белгиленген жерге келүүгө милдеттүү. Иштин милдеттүү мөөнөтү иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн күндөн тартып эсептелет.
32. Эгерде жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк алган бүтүрүүчү жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүккө кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө иштеген жерине жүйөлүү себепсиз келбесе, иш берүүчү бул мөөнөт аяктагандан кийин 15 жумуш күндүн ичинде бүтүрүүчүнүн келбей койгондугу жөнүндө аны жиберген билим берүү уюмуна кабарлоого милдеттүү.
33. Эгерде жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүктү алган бүтүрүүчү жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүккө кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө жүйөлүү себептер боюнча иштеген жерине келе албаса, ал бул мөөнөт келгенге чейин бул жөнүндө иш берүүчүгө жана аны жиберген билим берүү уюмуна ырастоочу документтерди тиркөө жана жумуш ордуна келүү мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
34. Жалпы билим берүү уюмдарынын, маданият жана искусство уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жаш адистерди милдеттүү иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүгү, өз алдынча ишке орношууга мүмкүнчүлүк берилгендиги жөнүндө маалымкаты жок жумушка кабыл алууга тыюу салынат.
35. Эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жылдын ичинде жалпы билим берүү уюмдарында, маданият жана искусство уюмдарында, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында иштеген жаш адистерди иш берүүчүнүн демилгеси боюнча тиешелүү уюм карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча гана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздерди сактоо менен жумуштан бошотууга төмөнкү учурларды кошпогондо жол берилет:
- жаш адистин шайлануучу кызмат ордуна шайлануусу;
- жубайы (жолдошу) аскер кызматчысынын офицердик же башкаруучу курамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын прапорщигине же аскер кызматчысына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарына жаңы кызмат (жумуш) ордуна которулушу;
- жаш адистин ата-энесинин бири I-II топтогу майып болсо, аларга көчүп баруусу;
- жаш адистин I-II топтогу майып жубайына (жолдошуна) көчүп баруусу;
- жаш адистин эмгекке жарамдуулугун жоготушу (I-II топтогу майыптыгы аныкталганда);
- жаш адистин никеге турушу, эгерде жолдошу (жубайы) башка жерде жашаса жана иштесе.
36. Жаш адистин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө болгон мезгили эмгек стажына жана жолдомо боюнча милдеттүү иштеп берүү мөөнөтүнө кошулат.
Эгерде көрсөтүлгөн өргүүлөр жолдомо боюнча эмгек милдеттерин аткарууну үзгүлтүккө учуратса, милдеттүү иштеп берүүнүн калган бөлүгү жаш адис жумушка кайтып келгенден кийин калыбына келтирилет жана улантылат.
Билим берүү уюмдарына, ошондой эле маданият жана искусство уюмдарына жиберилген жаш адистер үчүн милдеттүү иштеп берүү мөөнөтүн аткаруу максатында бир же бир нече уюмда иш жүзүндө иштеп берген убактысынын жыйынтык эсебине жол берилет.
3-глава. Бүтүрүүчүлөрдү которуу жана кайра бөлүштүрүү тартиби
37. Эгерде уюм, жаш адисти жеке бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан жумушка иштөө күбөлүгүндө белгиленген шарттарды аткарууну камсыз кылбаса, билим берүү уюму карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаш адиске анын макулдугу менен адистиги боюнча башка жумуш берүүгө милдеттүү.
38. Ошол эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын системасында же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында иштөөгө которулганда жаш адиске жумушка жиберилгендиги жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.
39. Башка уюмдарга жумушка которулган жаш адистин укуктары жана милдеттери, анын ичинде турак жай аянты менен жеңилдетилген камсыздоо укугу (мурдагы жашаган жери боюнча которулгандан тышкары) сакталат.
40. Бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан жаш адистерди кайра бөлүштүрүү төмөнкүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт:
- иш берүүчүнүн жумушка алуудан баш тартуусу;
- бөлүштүрүү боюнча уюмда иштеген учурдан тартып 1 жыл өткөндөн кийин турмушка чыга элек адамдардын үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө;
- бул ишти аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалынын натыйжасында ээлеген кызмат ордуна же аткарган ишине ылайык келбегендиги;
- тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлардын болушу, мурда бул ишти аткарган кызматкерди жумушуна калыбына келтирүү себеби боюнча;
- уюмду жоюу, жаш адис жиберилген уюмдун филиалынын, өкүлчүлүгүнүн же башка обочолонгон бөлүмүнүн ишинин токтотулушу;
- жаш адис жиберилген уюмдун штаттык санынын кыскартылышы;
- аскердик кызматка чакыруу боюнча, контракт боюнча, альтернативдик кызматка аскердик кызматка чакырылганга чейин жумушка жиберилген учурда, контракт боюнча аскердик кызматка киргенде же альтернативдик кызматка жөнөтүлгөндө.
4-глава. Кепилдиктер жана компенсациялар
41. Иш берүүчү тарабынан жумушка кабыл алынган бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык кепилдиктерге жана компенсацияларга укуктуу.
42. Иш берүүчү мыйзамдардын талаптарына ылайык келген эмгек шарттарын камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик өнүгүү жана квалификацияны жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
43. Билим берүү, маданият башкармалыктарынын аймактык органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте турак жай фонду болгон учурда бүтүрүүчүлөрдү турак жай аянты менен камсыз кылууга укуктуу.
44. Билим берүү уюмун аяктагандан кийин жумушка жиберилген бүтүрүүчүлөргө кесиптик билим берүү уюмунда акыркы каникул качан болгонуна карабастан узактыгы бир календардык ай болгон өргүү берилет.
45. Өргүү учурунда бүтүрүүчүлөргө жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен бир айлык стипендиянын өлчөмүндө жөлөкпул берилет.
46. Жолдомо боюнча жумушка келбей койгон, жумушка кирүүдөн баш тарткан же жүйөлүү себептерсиз милдеттүү иштеп берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек мамилесин токтоткон бүтүрүүчү окуу аяктагандан кийин берилген акы төлөнүүчү өргүүнүн мезгили үчүн эсептелген жана төлөнгөн сумманы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны ишке орноштурууга байланыштуу башка чыгымдарды кошуп алганда республикалык бюджеттин эсебинен төлөнгөн каражаттардын ордун толтурууга милдеттүү.
5-глава. Бүтүрүүчүлөрдү эсепке алуу документтери
47. Жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк алган бүтүрүүчүлөрдү эсепке алуу үчүн негизги документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- бөлүштүрүү боюнча комиссиянын, жумушка жиберүү боюнча комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору;
- бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү (жумушка жиберүү) ведомосту; жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк;
- өз алдынча ишке орношуу жөнүндө маалымкат;
- жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүктөрдү жана жумушка кабыл алуу жөнүндө ырастамаларды берүүнү эсепке алуу китеби;
- өз алдынча ишке орношуу жөнүндө маалымкаттарды жана жумушка кабыл алуу жөнүндө ырастамаларды берүүнү эсепке алуу китеби.
48. Жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүктөрдү жана жумушка кабыл алуу жөнүндө ырастамаларды, өз алдынча ишке орношуу жөнүндө маалымкаттарды жана жумушка кабыл алуу жөнүндө ырастамаларды берүүнү эсепке алуу китептеринин формасы жана жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары алар баш ийген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалыматтарды кайталап берүү менен бүтүрүүчүлөрдү ыйгарым укуктуу органга бөлүштүрүү, жумушка жиберүү жана ишке орноштуруу жөнүндө отчет берет.
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү, жумушка жиберүү, жумушка кайра жиберүү боюнча иштин белгиленген мөөнөтүнүн ичинде жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк алган бүтүрүүчүлөрдү жекече эсепке алуу ведомостун жүргүзөт.
49. Иш берүүчүлөр жыл сайын 1-декабрга чейин жаш адиске жумушка жиберүү жөнүндө күбөлүк берген кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарына милдеттүү иштин белгиленген мөөнөтүндө иштеп бергендиги, ошондой эле бул мөөнөттө иштеп берүү аяктагандыгы, бүтүрүүчү менен эмгек мамилелеринин улангандыгы же иштен бошотулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт.
50. Жыл сайын 15-декабрга чейин кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүнүн бөлүнгөн жерге келгендиги жана ишке орношкондугу боюнча мониторинг жүргүзөт, андан кийин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
6-глава. Корутунду жоболор
51. Кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү иштеп берүүдөн баш тарткан учурда бюджеттик орунга мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
Чет өлкөдөгү кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча окуганда иштеп берүүдөн баш тарткан учурда адисти даярдоого кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бюджетинен сарпталган каражаттардын өлчөмүндө ордун толтурууга милдеттүү.
52. Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен билим алган чет өлкөдөгү кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштеп берүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана/же юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
53. Бүтүрүүчү чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан учурда кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдары сот органдарына кайрылууга укуктуу, бул учурда бүтүрүүчү соттук чыгымдардын ордун толтурууга да милдеттенет.
54. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган бардык маселелер жарандык укуктук мамилелер жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 токтомуна) |
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана педагогикалык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында гранттык жана бюджеттик негизде окуп жаткан кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн (мындан ары - бүтүрүүчүлөр), ошондой эле жаш адистерди бөлүштүрүү жол-жобосун белгилейт.
2. Кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын толук окуу курсун аяктаган жана дипломдук долбоорду (ишти) жактаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөрү алган адистигине жана квалификациясына ылайык жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - бөлүштүрүү боюнча комиссия) чечими боюнча жумушка жиберилет.
3. Медициналык, фармацевттик адистиктер, маданият жана искусство жаатындагы, энергетика жаатындагы адистиктер, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу педагогикалык багыттар жана даярдоо багыттары боюнча даярдоочу билим берүү уюмунун биринчи курсунда билим алып жаткан студент менен кесиптик орто же жогорку билим берүү уюмунун ортосунда ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүлөт, иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана иштен баш тарткан учурда каражаттардын ордун толтуруу шарттары анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен кесиптик орто, жогорку билим жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим алган бүтүрүүчүлөр жумушка жөнөтүлүүгө тийиш:
- медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- педагогикалык адистиктер боюнча - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- маданият жана искусство жаатындагы адистиктер боюнча -маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- укук коргоо ишинин адистиктери боюнча - ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен.
- энергетика жаатындагы багыттар жана адистиктер боюнча - энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн иштеп берүү мөөнөтү - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн - бир жыл.
Мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча окууга жиберилген кесиптик жогорку билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштеп берүү мөөнөтү кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана/же юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окуган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мекемелерге, уюмдарга же ишканаларга кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен ишке жөнөтүлүүгө тийиш.