Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрели
«Аркыт токой чарбасына жана Кара-Камыш айыл аймагына караштуу жайыттарга чыккан малдарга жайыт акысынын өлчөмүн жана жазгы жайытка мал айдоонун мөөнөтүн белгилөө жөнүндө»
Аркыт токой чарбасы мекемесинин директору Ж.А.Топчубековдун 2025-жылдын 26-мартындагы №01/01-6-36 сандуу кайрылуусунун негизинде жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин Айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы №12 корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга карата Аркыт токой чарбасына жана Кара-Камыш айыл өмөтүнө караштуу жайыттарга мал жаюу үчүн пайдаланылган жайыт жерлеринин жыйымы төмөнкүдөй аныкталсын.
1) Жылкы жана кара малдарга бир башына - 100-00 сомдон, төлүнө – 50 сом
2) Жандыктарга (кой, эчки) бир башына - 30 - 00 сомдон, төлүнө -15 сомдон.
2. Жазгы жайыттарга айдалуучу малдар 10-апрелден кийин жеткирилип, 10-сентябрдан кийин айдалып келүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |