Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-сентябры № 204
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
502-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ап ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., 1 (1), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.";
2) 291-берененин 7-бөлүгү "ассистент" деген сөздөн кийин ", ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери'' деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 5-бөлүгү "котормочулар" деген сөздөн кийин ", ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 78-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 6-бөлүгү "котормочулар" деген сөздөн кийин ", ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 62-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.".
6-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жөнүндө маалыматты акысыз негизде берүүгө милдеттүү.".
7-берене.
"Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 2-майы, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренеде "жана анын Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери" деген сөздөр ", анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьянын 2-бөлүгү "укук коргоо органдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын.
9-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 3-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |