Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-августу № 492
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда жайгашкан жер участокторун "Запастагы жерлер", "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы инвестициялык меморандумду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 29-майындагы № 01-17/2234 жана 2025-жылдын 2-июнундагы № 01-17/2279 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 12-майындагы № 123 жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 16-майындагы № 4 токтомдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 24-июнундагы № 04-01-4242 жана 2025-жылдын 27-июнундагы № 04-01/4380 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-июнундагы № 50 жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 3-июнундагы № 30 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 169,02 га жер участоктору "Запастагы жерлер", "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунда № 20 контурда жайгашкан 2,65 га жайыт жери "Запастагы жерлер" категориясынан;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан 3,44 га № 2935 контурда - 2,24 га, № 2805 контурда - 1,2 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан 47,5 га жер "Токой фондунун жерлери" категориясынан 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан 115,43 га жер "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категорияларынан 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун мамлекеттик администрациялары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
5) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
7) жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жерлердин менчик ээлерине карата көрсөтүлгөн жерлерди баштапкы абалга келтирүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан, "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш болгон жерлердин экспликациясы
Контурдун номери | Жердин түрү | Жалпы аянты (га) | Анын ичинен | Которулуучу аянт (га) | |||
жайыт | дарыя жана өзөн | жол | токой | ||||
1954 | Токой | 45,6 |
| 0,3 |
| 45,3 | 4,74 |
2404 | Таштуу жайыт | 3,7 | 3,7 |
|
|
| 1,44 |
2405 | Токой | 6 |
|
|
| 6 | 0,66 |
2466 | Токойлуу жайыт | 0,7 | 0,6 |
| 0,1 |
| 0,23 |
2408 | Токой | 10,3 |
|
|
| 10,3 | 1,64 |
2416 | Жайыт | 7,6 | 7,5 |
| 0,1 |
| 1,64 |
2477 | Токой | 39,5 |
| 0,4 |
| 39,1 | 0,64 |
2468 | Бадалдуу жайыт | 0,8 | 0,8 |
|
|
| 0,64 |
2467 | Токойлуу жайыт | 1,0 | 1,0 |
|
|
| 0,5 |
2476 | Таштуу, бадалдуу жайыт | 0,6 | 0,6 |
|
|
| 0,12 |
2548 | Таза жайыт | 8,2 | 8,2 |
|
|
| 0,5 |
2544 | Токой | 11,9 | 11,9 |
|
|
| 1,13 |
2447 | Жол | 1,6 |
|
| 1,6 |
| 0,1 |
2543 | Таштуу жайыт | 1,4 | 1,4 |
|
|
| 0,82 |
2541 | Таштуу жайыт | 0,3 | 0,3 |
|
|
| 0,24 |
2540 | Бадалдуу жайыт | 1,2 | 1,2 |
|
|
| 0,25 |
1 | Токойлуу жайыт | 0,1 | 0,1 |
|
|
| 0,1 |
4 | Таштуу жайыт | 4 | 3,9 |
| 0,1 |
| 0,52 |
2 | Токойлуу жайыт | 1,6 | 1,6 |
|
|
| 0,29 |
3 | Токойлуу жайыт | 2,6 | 2,5 |
| 0,1 |
| 0,1 |
47 | Урумбаш д. | 0,2 |
| 0,2 |
|
| 0,19 |
199 | Жайыт | 3 | 2,8 | 0,1 | 0,1 |
| 0,34 |
200 | Жайыт | 2,4 | 2,4 |
|
|
| 0,64 |
201 | Жайыт | 4,2 | 4,2 |
|
|
| 1,6 |
206 | Таштуу, бадалдуу жайыт | 12,6 | 12,6 |
|
|
| 0,27 |
9 | Жайыт | 0,92 | 0,92 |
|
|
| 0,92 |
11 | Жайыт | 1,18 | 1,18 |
|
|
| 1,18 |
Гагарин ат. 12 | Жайыт | 0,8 | 0,8 |
|
|
| 0,8 |
Гагарин ат. 13 | Жайыт | 3,8 | 3,8 |
|
|
| 3,8 |
Гагарин ат. 15 | Жайыт | 2 | 2 |
|
|
| 2 |
10 | Жайыт | 1,24 | 1,24 |
|
|
| 1,24 |
12 Тоютсовхоз | Жайыт | 1,81 | 1,81 |
|
|
| 1,81 |
13 Тоютсовхоз | Жайыт | 4,28 | 4,28 |
|
|
| 4,28 |
15 Тоютсовхоз | Жайыт | 0,3 | 0,3 |
|
|
| 0,3 |
53 | Жайыт | 1,77 | 1,77 |
|
|
| 1,77 |
127 | Жайыт | 3,55 | 3,55 |
|
|
| 3,55 |
27 | Жайыт | 1,72 | 1,72 |
|
|
| 1,72 |
28 | Жайыт | 4,79 | 4,79 |
|
|
| 4,79 |
Бардыгы: | 199,26 | 95,46 | 1 | 2,1 | 100,7 | 47,5 | |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагында жайгашкан, "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш болгон жерлердин экспликациясы
Контурдун номери | Жердин түрү | Жалпы аянт (га) | анын ичинен: | Которулуучу аянт (га) |
токой аянттары | ||||
№ 66 квартал | МТФ | 248,0 | 248,0 | 28,57 |
№ 73 квартал | МТФ | 279,6 | 279,6 | 2,13 |
Бардыгы: | 527,6 | 527,6 | 30,7 | |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында жайгашкан, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш болгон жерлердин экспликациясы
Контурдун номери | Жердин түрү | Жалпы аянт (га) | анын ичинен: | Которулуучу аянт (га) | ||
айдоо | суу астындагы (канал, коллекторлор) | жол алдындагы жерлер | ||||
716 | Кайрак айдоо | 5,0 | 5,0 |
|
| 0,06 |
678 | Кайрак айдоо | 36,1 | 34,7 | 1,0 | 0,4 | 3,26 |
693 | Кайрак айдоо | 52,8 | 52,7 |
| 0,1 | 8,14 |
Бардыгы: | 93,9 | 92,4 | 1,0 | 0,5 | 11,46 | |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жайгашкан, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш болгон жерлердин экспликациясы
Контурдун номери | Жердин түрү | Жалпы аянт (га) | Кысыр аңыз | Айдоо | Суу астындагы жерлер | Жол астындагы жерлер | Которулуучу аянт, га | |
дарыялар жана өзөндөр | канал жана коллектортор | |||||||
92 | Кайрак айдоо | 25,7 |
| 25,4 |
| 0,1 | 0,2 | 0,29 |
550 | Кайрак айдоо | 9,4 |
| 9,4 |
|
|
| 0,92 |
556 | Кайрак айдоо | 23,8 |
| 23,8 |
|
|
| 6,67 |
555 | Кайрак айдоо | 58,2 |
| 57,9 |
|
| 0,3 | 10,44 |
546 | Кайрак айдоо | 14,8 |
| 14,8 |
|
|
| 2,09 |
522 | Кайрак айдоо | 30,7 |
| 30,7 |
|
|
| 6,38 |
520 | Кайрак айдоо | 6,8 |
| 6,8 |
|
|
| 1,47 |
468 | Кайрак айдоо | 50,6 |
| 50,5 |
|
| 0,1 | 3,6 |
472 | Кайрак айдоо | 67,5 |
| 67,2 |
|
| 0,3 | 10,59 |
526 | Кайрак айдоо | 82,2 |
| 81,7 | 0,1 |
| 0,4 | 0,61 |
475 | Кайрак айдоо | 50,1 |
| 50,1 |
|
|
| 2,74 |
414 | Кайрак айдоо | 25,7 |
| 25,7 |
|
|
| 4,95 |
419 | Кысыр аңыз | 3,2 | 3,2 |
|
|
|
| 0,6 |
915 | Кайрак айдоо | 4,9 |
| 4,9 |
|
|
| 0,95 |
914 | Кайрак айдоо | 27,8 |
| 27,7 | 0,1 |
|
| 2,69 |
909 | Кайрак айдоо | 4,5 |
| 4,5 |
|
|
| 0,86 |
841 | Кайрак айдоо | 4,2 |
| 4,2 |
|
|
| 0,31 |
843 | Кайрак айдоо | 147,2 |
| 147,1 |
|
| 0,1 | 8,09 |
931 | Кысыр аңыз | 21,7 | 21,6 |
|
|
| 0,1 | 1,98 |
936 | Кысыр аңыз | 7,1 | 7,1 |
|
|
|
| 1,17 |
938 | Кайрак айдоо | 85,1 |
| 84,7 |
|
| 0,4 | 5,87 |
Бардыгы: | 751,2 | 31,9 | 717,1 | 0,2 | 0,1 | 1,9 | 73,27 | |