Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна) |
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун ушул тартиби (мындан ары - Тартип), укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) салыштыруу акты - белгилүү бир мезгил үчүн тараптардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн абалын чагылдырган документ;
2) администрациялануучу эсептер - укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү, анын ичинде муниципалитеттердин тиешелүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган айыптарды чогултуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ачылган эсептер;
3) аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар, комплекстүү маалыматты, анын ичинде транспорт каражаттарынын жалпы агымы, катталган укук бузуулар жана видеобайкоо жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүү системасын көрсөтүүчү стационардык/көчмө сертификацияланган контролдук-өлчөөчү техникалык каражат;
4) Укук бузуулардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМС) - катталган укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, ошондой эле аларга карата колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система.
2-глава. Айыптардын суммасын түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине укук бузууларды, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды чогултуу боюнча администрациялануучу эсептерди ачууга уруксат берет.
4. Администрациялануучу эсептерге каражаттар төмөнкү укук бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн айыптардан келип түшөт:
1) "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан;
2) мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тиешелүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПКны колдонуу менен катталган.
5. Айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу автоматтык режимде жүргүзүлөт.
6. Иш жүзүндө келип түшкөн финансылык каражаттарды жана төлөнгөн айыптардын санын эсепке алуу үчүн ар бир айдын 10уна (онуна) чейин администрациялануучу эсептерге иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарынын алкагында салыштыруу актылары түзүлөт. Мында салыштыруу актылары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан төмөнкүдөй түзүлөт:
- ар бир укук бузуу боюнча (АПКны колдонуу менен катталган укук бузууларды кошпогондо);
- ар бир АПК жана АПКны колдонуу менен катталган укук бузуулар боюнча.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги салыштырып текшерүү жүргүзгөндөн кийин төлөнгөн айыптардан түшкөн акча каражаттарын ушул Тартиптин 3-главасына ылайык бөлүштүрөт.
3-глава. Айыптардын суммасын пайдалануу тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги АПКны колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды чогултуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин администрациялануучу эсебине келип түшкөн каражаттардан зарыл болгон финансылык каражаттарды төмөнкүдөй бөлүүнү жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенцияларынын чегинде, толук бөлүктөргө бөлүү үчүн минималдуу айыптын (АПК тарабынан катталган айыптар боюнча гана) суммасынан ашырбастан, төмөнкүлөр үчүн:
- түзүлгөн келишимдерге ылайык, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык подрядчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тарифтердин негизинде түзүлгөн келишимдерге ылайык почта кызматтарын көрсөтүүгө (токтомдорду басып чыгаруу, конвертациялоо жана адресатка жеткирүү) акы төлөө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - 5% маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборун күтүүгө жана модернизациялоого, анын ичинде материалдык-техникалык камсыз кылуу жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин айыптардын калган суммасы материалдык-техникалык камсыздоо, финансылык эмес активдер менен операциялар үчүн чыгымдарды жабуу жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эсебине жиберилет.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСте иштелип чыккан укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды (АПКны колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптарды кошпогондо) чогултуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин администрациялануучу эсебине келип түшүүчү каражаттардан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине финансылык каражаттарды бөлүп берүүнү төмөнкүдөй жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 456-беренесине ылайык өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн алынуучу айыптардын суммасынын 100% өлчөмүндө материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу, финансылык эмес активдер менен операциялар үчүн чыгымдарды жабуу жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн;
- "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" АМСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн, анын ичинде алынган айыптардын суммасынын 13% өлчөмүндө материалдык-техникалык камсыз кылуу жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн.
11. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин укук бузууларды (АПКны колдонуу менен катталган укук бузууларды кошпогондо) жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптардан калган суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 492, 496-беренелерине ылайык өз компетенциясынын чегинде каралган жана салынган укук бузуулар үчүн айыптардын 100% өлчөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык дем берүүгө - 13% өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын сотторун, сот актыларын аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо).
12. Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында келип түшкөн каражаттардын калдыгы республикалык бюджетке жиберилет жана төмөнкүдөй бөлүштүрүлүүгө тийиш:
1) 50 пайыз – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез медициналык жардам көрсөтүүчү автоунааларды сатып алууга жана аларды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдууга;
2) каражаттардын калган бөлүгү республикалык бюджетке чегерилет.
Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында алынган айыптар боюнча салынуучу туум толук көлөмдө республикалык бюджетке жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
13. Ушул Тартиптин 8-11-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражаттарды чыгымдоо бекитилген чыгымдар сметаларына жана администрациялануучу эсептерге кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
14. Бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу ушул Тартиптин 8-11-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталат.
15. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бухгалтердик эсептин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык каражаттардын түзүлүшүн (келип түшүүсүн) жана пайдаланылышын эсепке алууну жүзөгө ашырат.