Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 1-апрели №4/4
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган айыл аймактын калктуу конуштарындагы маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптардын эрежелери боюнча Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган айыл аймактын калктуу конуштарындагы маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптардын эрежелери боюнча Жобону карап жана талкуулап чыгып, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган айыл аймактын калктуу конуштарындагы маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптардын эрежелери боюнча Жобосу бекитилсин (тиркеме 40 баракта)
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |