Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябрындагы №3
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө.»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентине ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы К.Ызакуловдун билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаны Кыргызстан” фракциясынан депутат Джумашева Дамиракан Алыбековна жана “Ынтымак” фракциясынан депутат Сыдыкбеков Нурбек Майрамбекович Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарлары (коомдук башталышта) болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |