Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-сентябры № 576
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
10-пунктта “93”, “244” деген цифралар тиешелүү түрдө “94”, “243” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |