Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна) |
Рецепт бланктарын сактоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Саламаттык сактоо уюмдарын баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктары менен камсыз кылуу саламаттык сактоо уюмунун мөөрү жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн негиздеме-өтүнмөнүн негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Баңгизат каражаттарына рецепт бланктары уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген жана тийиштүү түрдө таризделген ишеним каты бар адамга берилет.
3. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында баңгизат каражаттарына рецепт бланктарын эсепке алуу ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктарын каттоо үчүн номерленген, боолонгон, пломбаланган эсепке алуу журналында жүргүзүлөт.
4. Баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктары саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөндө уюмдун жетекчиси тарабынан дайындалган комиссия тарабынан кабыл алуу комиссиясынын актысына ылайык кабыл алынат жана саламаттык сактоо уюмдарында баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктарын эсепке алуу журналына кириштелет.
Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктарын алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү үчүн жооптуу адам дайындалат.
5. Туруктуу иштеген комиссия айына 1 жолудан кем эмес курамында баңгизат каражаттарын камтыган дары каражаттарын дарылоочу врач тарабынан дайындоонун максатка ылайыктуулугун, ошондой эле бул уюмдагы баңгизат каражаттарын жана рецепт бланктарды сактоонун, эсепке алуунун жана колдонуунун абалын текшерет, зарыл болгон учурда аларга инвентаризация жүргүзөт.
6. Дарылоочу врачка баңгизат каражатын жазып берүү боюнча бир убакта ондон көп эмес бланктарды берүүгө уруксат берилет.
7. Саламаттык сактоо уюмунун штампы, мөөрү, дарылоочу врачтын жеке мөөрү жана колу коюлган атайын рецепт бланктарын запаска алдын ала тариздөөгө тыюу салынат.
8. Баңгизат каражаттарынын рецепт бланктарынын запасы жабык жана пломбаланган металл шкафта гана сакталат, анын ачкычы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинде же уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген адамда сакталууга тийиш.
9. Дарылоочу врачтардагы учурдагы иштөө үчүн рецепт бланктарынын толук сакталышын камсыз кылган шарттарда алардын өзгөчө көзөмөлүндө сакталышы керек.
10. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери баңгизат жана психотроптук дары каражаттарын, ошондой эле атайын рецепт бланктарын сарамжалдуу пайдалануу жана сактоо үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
11. Саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке практикалык врачтарды ушул токтом менен бекитилген ДК-1 формасындагы рецепт бланктары менен камсыз кылуу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
12. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери рецепт бланктары менен үзгүлтүксүз жана өз убагында жабдууну камсыз кылууга милдеттүү.
|
| Рецепт бланктарын сактоо эрежелерине тиркеме |
Саламаттык сактоо уюмдарында баңгизат каражаттарына атайын рецепт бланктарын эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы)
Кириш | Чыгыш | |||||||||||
№ | Документтерди келип түшкөн дата | Жеткирүүчү, документтин датасы жана номери | Келип түшкөн бланктардын жалпы саны | Бланктын сериясы жана номери | Саны | Бланктарды берүү датасы | Бланктын сериясы жана номери | Берилген бланктардын саны | Бланктарды алган жооптуу адамдын аты-жөнү | Бланктарды алган жооптуу адамдын колу | Бланктарды берүү үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү | Калдык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |