Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна) |
Дары каражаттарын рецепт боюнча берүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Рецепт боюнча берилүүчү дары каражаттары Дары каражаттарына рецепт жазуу эрежелери менен бекитилген үлгүлөргө ылайык жазылган рецепттер боюнча гана берилүүгө тийиш.
2. Дарыкананын фармацевти бейтаптын макулдугу менен дары каражатын кайра өндүрүлгөн дары препаратына (генерикалык) алмаштыра алат.
3. Баңгизат каражаттары жана психотроптук заттар камтылган дары каражаттары аларды сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар дарыкана уюмдарынан гана берилет.
4. Интернет тармагы аркылуу баңгизаттык жана психотроптук дары препараттарын электрондук сатууга тыюу салынат.
5. Курамында баңгизат каражаттары камтылган дары каражаттарына рецепттер бир айдын ичинде жарактуу. Психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарына рецепттер рецепт жазылган күндөн тартып 2 ай ичинде жарактуу. Башка дары каражаттарына рецепттер врач тарабынан рецептте көрсөтүлгөн дарылоо курсунун узактыгына жараша жазып берилген күндөн тартып эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө жарактуу.
6. Дары каражаттары дарыканалардан рецептте көрсөтүлгөн санда берилет, зарыл болгон учурда дарыкана таңгагында дары каражатынын аталышын, дозасын, сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен заводдун оригинал таңгагынын бузулушуна жол берилет.
Дарыканада врачтын рецебинде жазылган дозадан айырмаланган дозадагы дары каражаттары болсо, фармацевт курстук дозаны кайра эсептөөнү эске алуу менен оорулууга колдо болгон дары каражаттарын берүү жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн. Мында оорулууга дары каражатын кабыл алуунун бир жолку дозасын өзгөртүү жөнүндө маалымат берилет.
Калий перманганатын дарыканалардан рецептсиз тогуз граммдан көп эмес өлчөмдө берүүгө уруксат берилет.
7. Этил спиртин берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
8. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган дары каражаттарын берүүдө бейтапка аны сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документ катары таанылган, берилген дары каражатынын аталышын жана санын көрсөтүү менен товардык-кассалык чек берилет. Көрсөтүлгөн ырастоочу документти саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган атайын мобилдик тиркемени колдонуу менен тариздөөгө жол берилет.
Дарыканада даярдалган даяр дары каражаттарын берүүдө этикеткада колдонуу ыкмасы (зарыл болгон учурда) көрсөтүлөт.
9. Узак мөөнөттүү рецепттер боюнча дары каражаттарын (курамында баңгизат каражаттарын, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыгандарды кошпогондо) берүүдө рецепт бейтапка арткы бетинде берилген дары каражаттарынын саны жана берилген датасы көрсөтүлүп, кайтарылып берилет. Бейтаптын дарыкана уюмуна кийинки кайрылууларында буга чейинки берилгендер жөнүндө белгилер эске алынат. Рецепттин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин дарыкана уюмунда ага “Рецепт жараксыз” деген штамп басылат.
10. Бейтаптын калктуу пункттун чегинен чыгып кетиши, дарыкана уюмуна үзгүлтүксүз баруунун мүмкүн эместиги сыяктуу жана башка жүйөлүү жагдайлар келип чыккан өзгөчө учурларда врач дайындаган дары каражатын (баңгизат каражаттарын, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыгандарды кошпогондо) узак мөөнөттүү рецепт боюнча эки айдан ашык эмес убакыт дарылануу үчүн зарыл болгон көлөмдө бир жолку берүүгө жол берилет.
11. Дарыканада предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражаттарына жазылган бардык рецепттер рецепттин арткы бетинде датасын көрсөтүү менен жана дарыны берген адамдын колу коюлуп сакталат.
Башка дары каражаттарына рецепттер дары берилгенден кийин бейтапка “Рецепт колдонулган” деген жазуу менен кайтарылып берилет.
Дары каражатын кайра алуу үчүн бейтап жаңы рецепт алууга врачка кайрыла алат.
Баңгизат каражаттарын камтыган дары каражаттарына пайдаланылган атайын рецепт бланктары жана талаптар металл шкафта айлар жана жылдар боюнча бөлүнүп, көктөлгөн, боо өткөрүлгөн жана мөөр басылган түрдө берилген күндөн тартып үч жыл бою сакталат. Алардын негизинде предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон психотроптук жана күчтүү таасир берүүчү заттарды камтыган дары каражаттары берилген рецепттер жана талаптар берилген күндөн тартып бир жыл бою кулпу менен жабылган шкафтарда сакталат.
12. Рецепттер ушул Эрежелер менен белгиленген сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин кайра калыбына келтирилбегендей толугу менен өрттөлүп жок кылынууга тийиш.
Рецепттерди жок кылуу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, ал жөнүндө ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча акт түзүлөт. Рецепттерди жок кылуу актысына жок кылууга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт жана фармацевтикалык уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет. Жок кылуу актысы бир жыл сакталат. Комиссиянын курамы фармацевтикалык уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
13. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү медициналык маалыматтык системанын иштөө, анын ичинде электрондук рецепттерди берүү, сактоо жана жок кылуу тартибин саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
14. Дарыкана уюмунун кызматкерлеринин дары каражаттарын берүү тартибинин сактоосуна ички контролдоону дарыкана уюмунун жетекчиси (жетекчинин орун басары) же ал ыйгарым укук берген уюмдун фармацевтикалык кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Дарыкана уюмдары тарабынан дары каражаттарын, анын ичинде фармацевтикалык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин алкагында жеңилдетилген шарттарда сатылып жаткан дары каражаттарын берүү тартибинин сакталышына тышкы контролдоону дары каражаттарын жана медициналык буюмдардын жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган жана жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
|
| Дары каражаттарын рецепт боюнча берүү эрежелерине тиркеме |
____________________________________________ боюнча (бөлүмдөрдүн аталышы) рецепттерин жок кылууга АКТ
20____-жылдын "___" ______________
№ | Рецепттин номери жана аны жазып берген датасы | Рецептте көрсөтүлгөн дары каражатынын аталышы жана дозасы | Рецептте көрсөтүлгөн дары каражатынын саны | Рецептти сактоо мөөнөтү | Рецепттин келген күнү (жылы, айы) | Рецептти жок кылуу күнү (жылы, айы) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|