Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2024-жылдын 20-сентябры № 656
Кыргыз Республикасыный Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11,12-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартында Nº 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөруп беруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-июнундагы Nº 33 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө» жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтулүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары мамлекеттик жана расмий тилдеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. ЖАКтын Nº1, 3, 8 и 14 мекемелеринин башчылары:
- мектепке чейинки билим беруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын көрсөтүүдө ушул буйрук жетекчиликке алынсын;
- ушул буйруктун ченемдерин жана талаптарын уйрөнүү боюнча кызыкдар кызматкерлер менен сабактарды өткөрүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жогоруда аталган стандартынын талаптарын бузгандыгы учун ЖАКтын мекемелердин жетекчилери жеке жопкерчилик тартары эске алынсын.
3. Бардык кызыкдар тараптарга буйрук жеткирилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАКтын Финансы- чарбалык башкы башкармалыгыны башчысы и/к подполковниги А.А. Акматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы и/к генерал-майору |
| А.Эгембердиев |