Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешти түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Дүйшөмбү шаары, 2025-жылдын 8-июлу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
Тараптардын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүүгө, колдоого жана өнүктүрүүгө умтулуп,
өз ара пайдалуулук принцибине таянып жана эки тараптуу кызматташууну активдештирүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өз ара пайдалуу кызматташуусун кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында Тараптар Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешти (мындан ары - "Кеңеш") түзүшөт. Кеңеш Тараптардын өкүлдөрүнөн турат жана төмөнкү укуктарга ээ:
1. Экономика, инвестициялар, соода, өнөр жай, энергетика, курулуш, миграция, илим жана технология, санариптештирүү жана жасалма интеллект, байланыш, транспорт (аба, темир жол жана автомобиль транспортун кошкондо), маалымат, билим берүү, интеллектуалдык менчик, саламаттык сактоо, туризм, спорт, дене тарбия, маданият жана искусство тармактарында өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди изилдеп, бул чөйрөлөрдөгү кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
2. Жогоруда аталган тармактарда өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташуунун түрлөрүн сунуштоо;
3. Эки тараптуу документтерди, долбоорлорду жана программаларды даярдоону демилгелөө;
4. Эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгына байланыштуу башка маселелерди кароо жана кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн зарыл чараларды көрүү.
2-берене.
Кеңешке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри жетекчилик кылат.
Кеңештин курамына министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирет, зарылчылыкка жараша кызматташтык багытына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша эки өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жыйындарга тартылышы мүмкүн.
Кеңеш зарылчылык жаралса, туруктуу же убактылуу жумушчу топторду түзүп, алардын курамын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктай алат.
Кеңештин жыйындары, эреже боюнча жылына бир жолу Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында кезектешип өткөрүлөт. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри башкача чечим кабыл албаса жыйын өткөрүлүп жаткан мамлекеттин өкүлү жыйындын Төрагасы болуп эсептелет. Тараптардын каалоосу боюнча, кезексиз жыйын чакырылышы мүмкүн.
Кеңештин жыйындарынын жыйынтыктары жана чечимдери Протокол түрүндө таризделет жана Кеңештин Төрагалары тарабынан кол коюлат. Кеңештин жыйындарынын Протоколу орус тилинде жүргүзүлөт.
3-берене.
Кеңештин жыйындарынын ырааттамасы, пленардык күн тартиби жана протоколдун долбоору жыйын башталганга чейин кеминде 30 күн мурун берилиши керек.
4-берене.
Кеңештин жыйындарын уюштурууга байланыштуу чыгымдар жыйын өткөргөн тарап тарабынан жабылат.
Жыйынга катышкан делегаттардын жол киреси жана жашоо чыгымдары, анын ичинде мейманкана чыгымдары - аларды жөнөткөн өлкөнүн эсебинен жабылат.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө же колдонууда пикир келишпестиктер жаралса, Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечишет.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө протокол менен таризделип, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар өз ара дипломатиялык каналдар аркылуу ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуунун күчү тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу башка тарапка аны токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү берген күндөн тартып алты ай өткөн соң токтотулат.
Макулдашуу Дүйшөмбү шаарында, 2025-жылдын 8-июлунда эки түп нускада кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлүп, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө келишпестиктер жаралса, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Тажик Республикасынын Өкмөтү үчүн |